Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:57

Коронавирустан дагы эки киши каза болду, 58 адам жаңы катталды


Бишкек шаары. Архив.
Бишкек шаары. Архив.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин 9-февралдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониядан эки адам каза тапты. 58 кишиге вирус жукканы маалым болду.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1433 кишиге жетти.

Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 85 171 адамга жетти. Андан айыгып чыккандар - 81 825 адам. (TSh)

XS
SM
MD
LG