Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:30

Үсөнбаев: Коронавирустун "британ штаммын” аныктоо Кыргызстанда да жүрүп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев коронавирустун буга чейин Британияда катталган жаңы штаммын (түрүн) аныктоо боюнча анализдер текшерилип жатканын маалымдады. Үсөнбаев бул тууралуу 9-февралда өткөргөн онлайн брифинг учурунда айтты.

“Коронавирустун жаңы штаммын (түрүн) аныктоо боюнча биздин өлкөдө да иштер жүрүп жатат. Вирусту аныктоо боюнча анализдин үлгүлөрүн жөнөтүп жатабыз”, - деди Үсөнбаев.

Министрдин орун басары коронавирустун жаңы түрү коңшу Өзбекстанда аныкталганын белгилеп, коркунуч жаныбызда экенин эскертти.

Коронавирустун мутацияланган жаңы түрү декабрдын орто ченинде алгач Британияда катталган. Андан бери бул түр Европадагы, Азиядагы жана Жакынкы Чыгыштагы бир нече мамлекетте табылды.

Дарыгерлердин маалыматы боюнча, бул штамм коронавирустун буга чейинки түрүнө караганда 70% тезирээк жайылат.

Илимпоздор азыркы кезде эң кооптуусу түштүк африкалык штамм экенин айтууда. Анткени ал жугуштуу экени жана учурдагы вакциналарга да туруштук бере алары кабарланды. (TSh)

XS
SM
MD
LG