Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:19

Евробиримдик Навальный үчүн Орусияга санкция киргизиши мүмкүн


Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррель. 4-февраль, 2021-жыл. Москва
Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррель. 4-февраль, 2021-жыл. Москва

Евробиримдик Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизиши мүмкүн. Бул тууралуу Москвага барып келгенден кийин Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррель билдирди. Анын жазганына караганда, санкциялар Алексей Навальныйдын камалышына каршы киргизилиши ыктымал.

Боррель Москвада орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолукканда Навальныйды токтоосуз бошотууга чакырганын кошумчалады.

Ал, ошондой эле, маалымат жыйын агрессивдүү маанайда өткөнүн жазып, «Министри Лавров менен жолугушуубуз Орусия менен Европа алыстап баратканын көрсөттү» деген.

Жозеп Боррель 4-6-февраль күндөрү Москвада болгон эле.

2-февралда Москва соту Навальныйды «Ив Роше» боюнча шарттуу абак жазасынын эрежелерин бузду, деп айыптап, дээрлик үч жылга жакын мөөнөткө эркинен ажыраткан. Анын камалышына каршы чыккан миңдеген адамдар кармалган. Бир катар Батыш мамлекеттери Навальныйдын бошотулушун талап кылып келишет.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG