Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:47

Президент менен премьер кризисти талкуулашты


Садыр Жапаров жана Улукбек Марипов.
Садыр Жапаров жана Улукбек Марипов.

Өлкөнү өнүктүрүүнүн кризистен кийинки программасын даярдоо процессин тез арада жүргүзүү зарыл. Бул тууралуу 8-февралда өкмөт башчы Улукбек Марипов менен жолугушууда президент Садыр Жапаров билдирди.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлагандай, ал программада орто мөөнөткө эсептелген негизги реформалар камтылышы зарыл экени айтылды.

Жолугушууда Жапаров азыр Кыргызстандын экономикасы өтө оор абалда турганын, ишкерлерге эркиндик берип, жеке секторду жана инвесторлорду коргоо, колдоо керектигин, алардын жергиликтүү бийликке ишенимин жогорулатуу, бюрократияны болушунча азайтуу зарылдыгын айтты жана коронавируска каршы бөлүнүп жаткан каражат туура бөлүштүрүлүшү керек экенин белгиледи.

2020-жылдын октябрь айында Кыргызстанда парламенттик шайлоодон кийин нааразылык чыгып, өлкөдө бийлик алмашкан. Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январда өтүп, аны Садыр Жапаров жеңди. Өткөн аптада парламент өкмөттүн жаңы курамын, түзүмүн жана программасын бекитти.

29-январда Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит ишкерлерге карата кысым болуп жатканына байланыштуу тынчсыздануусун билдирген. Ал соттун мыйзамдуу чечими чыкмайынча кимдир-бирөөнү айыптаган билдирүүлөр күнөөсүздук презумциясы тууралуу принципке каршы келерин кошумчалаган.

Октябрь окуялары учурундагы башаламандык жер-жерлерде да байкалган. Чет элдик, айрыкча кытайлык инвесторлор иштеткен айрым компанияларга кол салуу болгон. Кытай Кыргызстандагы жумушчуларынын коопсуздугун камсыз кылып берүүнү өтүнгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG