Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:33

Президент Жапаров өкмөттү бир беткей сындагандарга жооп кайтарды


Кыргызстандын Өкмөт үйү. Бишкек.
Кыргызстандын Өкмөт үйү. Бишкек.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров "Фейсбуктагы" баракчасы аркылуу кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоп, өкмөт курамына карата айтылып жаткан айрым сындарга көңүл бурбоого чакырды. Ал мындай сын пикирлердин артында жалган аккаунттар жана ою бузук адамдар турат деп белгилеген:

"Социалдык түйүндөрдө фейк аккаунттар ар бир жасалып жаткан иштерди сындап, элдин пикирин тескери бурганга аракет жасап жатышат. Кээ бир ою бузук сайттар, журналисттер да бар. Мисалы, Каржы полициясы Ички иштер министрлигинин алдына барат экен деген маалыматты таратышты. Миграция министрлиги Саламаттыкты сактоо министрлигине кошулат экен деп, талкуу жаратышты. Өкмөт чечим кабыл алып, официалдуу түрдө билдирүү таратмайынча ишенбеңиздер. Ар бир жасалып жаткан ишибиз элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн гана болот. Айрым иштердин жыйынтыгы үч айдан беш айга чейин жемишин берет", - деп жазган президент Жапаров.

Президент Жапаров мындан тышкары аткарылып жаткан иштердин жыйынтыгын күтүүгө чакырып, мурдагыдай бир топтун кызыкчылыгы үчүн жасалчу иштер түп тамырынан жок кылынганын билдирген.

Президент Жапаровдун бул кайрылуусу азырынча мамлекет башчынын расмий сайтына жарыяланган жок.

Парламентте сөз сүйлөгөн кезинде президент Садыр Жапаров мамлекеттик башкарууну реформалоо эң негизги багыттардын бири экенин айтып, министрликтерди ирилештирип, кыскартууларды жүргүзүү аркылуу казына каражаты үнөмдөлүп жатканын белгилеген.

Премьер-министрлик кызматка жаңы келген Улугбек Марипов жакында сунуштаган өкмөттүн түзүмү саясий жана илимий чөйрөдө кескин сынга кабылган. Өкмөт башчы өзү министрликтер менен мамлекеттик мекемелердин саны 48ден 16га кыскартылганын билдирип, жаңы түзүмдү өзгөчө ийкемдүү деп сыпаттоодо. (ZKo)

XS
SM
MD
LG