Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:06

УКМКнын төрагасы Ташиев четке дарыланууга кетерин билдирди


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, 3-февраль, 2021-жыл.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, 3-февраль, 2021-жыл.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 6-февралдан тарта чет өлкөгө дарыланууга кетип жатканын билдирди. Бул тууралуу Ташиев "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

“Мен 6-февралда эртең менен дарыланууга чет жакка бара жатам. Себеби биздин врач, профессор Калдарбек Абдрамановдун сунушу менен барууга мажбур болуп турам” -деген УКМКнын төрагасы элдин келечеги үчүн "бүт өмүрүмдү арноого милдеттүүмүн" деп жазды.

Ташиев дарылануу үчүн кайсы өлкөгө кетип жатканын жана дарты эмне экенин тактаган жок. Ал буга чейин дагы сыркоолоп, ооруканага жатып чыкканын жазган эле. Анда УКМК Ташиевдин ден соолугу канааттандыраарлык экенин билдирген болчу.

52 жаштагы Камчыбек Ташиев былтыр октябрдан бери УКМКнын төрагасынын кызматын аркалайт. Ал ушул аптада түзүлгөн жаңы өкмөттө өз ээлеген ордунда калып, парламентте ант берди.

XS
SM
MD
LG