Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:57

Өкмөт түзүмүнүн өксүгү


Өкмөт үйү.
Өкмөт үйү.

Премьер-министрлик кызматка келген Улугбек Марипов ал сунуштаган өкмөттүн түзүмүн мобилдүү деп сыпаттады. Ал министрликтер менен ведомстволордун саны 48ден 16га кыскартылганын билдирген. Ошол эле кезде өкмөттүн кыскартылган жана бири-бирине кошулган жаңы түзүмү саясий жана илимий чөйрөдө сынга кабылды.

Кошмоктошкон министрликтер

Өкмөттүн жаңы түзүмүн парламентке жарым-жартылай сунуштаган премьер-министр Улукбек Марипов агенттиктер, комитеттер, фонддор жана айрым министрликтер башка министрликтердин курамына киргенин билдирген. Бирок ал мамлекеттик кызматкерлер арасында орчундуу кыскартуулар жүрбөй турганын белгилеген.

Ошондуктан мурдагы премьер-министр Темир Сариев анда аларды бири-бирине кошуунун эмне зарылчылыгы бар эле деген маселени койду:

«Бардыгын алып келип министрликтин алдына киргизип койгону да туура эмес. Бүгүн укканыма караганда, "бардыгын бириктирдик, бирок кыскарбайт" деп айтты. Андай болсо эки министрликти бириктирип, анан "кыскартуу болду" деген туура болбой калат. Анда министрликтерди бириктирүүнүн зарылдыгы деле жок болчу. Финансы полициясын салык кызматынын алдына алып баруу керек. Аны Ички иштер министрлигине эч качан өткөрүп бербеш керек. Ички иштер министрлигинде 55 райондук ички иштер бөлүмү бар. Анда эле алар бара калып, өздөрүнүн райондорунун аймагында иштеген ишкерлерди басып калышат».

Анткени эгерде мамлекеттик башкаруудагы тармактарды ирилештирип, бирин-бири кайталаган же функционалдык милдети боюнча өзүн актабаган өкмөт түзүмүн бекитүү мамлекеттик кызматкерлерди кыскартууга алып келет. Ал эми мыйзам боюнча кыскартууга дуушар болгон мамлекеттик кызматкерлерди жумуш менен камсыздоо жана аларга мамлекеттик бюджеттин эсебинен кенемте төлөп берүү дагы мамлекеттин кошумча баш оорусуна айланары турган иш.

"Матрёшкалардын" көз боёмочулугу

Ал эми башка бир экс-премьер-министр Феликс Кулов сунушталган жаңы өкмөт түзүмүн оптималдаштыруудан мурда, муну негиздемеси жана максаты көрсөтүлбөгөн реорганизация аракети катары баалады. Ал муну мамлекеттик органдарды бирине-бирин бириктирип, биринин ичине экинчисин кийгизип койгон "матрешка" деп атады.

Феликс Кулов.
Феликс Кулов.

«Азыр эми ар бир мамлекеттик кызматты "ал жакка кирет, бул жакка кирет экен" деген сөздөр жүрүп жатат. Бирок алар кайсы функциялар менен министрликтерге кире турганына негиздеме берилип, көрсөтүлгөн жери жок. Аларды автоматтык түрдө, эч кандай негиздемеси жок, жөн эле биринин ичине бирин кийгизип, "матрёшкага" окшотуп, бирине-бирин киргизе койгон болбойт. Мисалы, Ички иштер министрлигине Финансы полициясы кирсе, анда ал кандай функционалдык негизде башкарылат? Ошол жагы такталып, анын негиздемеси так көрсөтүлүүгө тийиш».

Мындай өкмөттүн түзүмү, тескерисинче, мамлекеттик башкаруудагы бюрократияны өрчүтүп, маселенин чечилишин татаалдаштыра турганы айтылды.

Парламентте өкмөттүн жаңы түзүмү боюнча Ички иштер министрлигинин курамына Финансы полициясын, Мамлекеттик каттоо кызматын жана "Унаа" мамлекеттик ишканасын киргизүү опурталдуу эксперимент экени белгиленди. Анткени буга чейин мындай практика болгону жана ал мамлекеттик башкаруу аппараты үчүн тескери натыйжаларды бергени айтылды.

Депутат Аккулу Бердиев экономикалык кылмыштар менен алектенүүнү милицияга берүү опурталдуу экенин айтты:

«Финансы полициясын Ички иштер министрлигине кошуу маселеси боюнча. Кыргызстан жаңыдан эгемен мамлекет болуп түзүлгөн жылдары ошондой болгон. Анда "бөрк ал десе, баш алган" ошондой көйгөйлөр болгон. Финансы-экономикалык билими бар, документтерди көргөндө түшүнө турган адамдар иштеши керек. Себеби мурда ошондой маселелер болуп, кийин анан Финансы полициясы кылып, кайра түзүлгөн».

Жогорку Кеңеште өкмөттүн жаңы түзүмүнө ылайык, Экономика министрлиги Финансы министрлигине бириктирилгени туура эмес болгону айтылып, бул эки министрликтин иштөө табияты эки башка экени тууралуу да маселе көтөрүлдү.

Ошондуктан депутат Азамат Арапбаев бул маселени кайрадан карап чыгууга чакырды:

«Азыр Экономика министрлигин жоюп, аны Финансы министрлигине өткөрүү туура эмес. Анткени Финансы министрлиги өзү консервативдүү орган. Ага салык инспекциясын, бажы кызматын көзөмөлдөө милдети тагылып, Финансы министрлиги киреше жана чыгашаны аныктай турган болсо, анын экономикага карата ролу бир топ эле азайып кетет».

Анткен менен премьер-министр Улукбек Марипов өзүнүн жүйөсүн айтып, чыгымдарды эсептеп, бөлүштүргөн тармак киреше булактарын дагы көзөмөлдөшү керек дейт:

Улукбек Марипов
Улукбек Марипов

«Азыркы мезгилде Финансы министрлиги казыначынын эле ролун аткарып калган. Дүйнө жүзүндө кээ бир Финансы министрликтери санкция бере ала турган ыйгарым укуктарга ээ. Биздин эле коңшулаш мамлекеттерде бул министрлик бүтүндөй киреше булактарына жооп берет. Эмне себептен бул бириктирилген тармактын министрине вицелик ранг берип жатабыз? Анткени "финансы боюнча, экономика боюнча бир багытта пландуу иш алып барылса" деген ниет болду».

Кошкабат министрликке чегилген кош араба

Ал эми коомчулукта Саламаттык сактоо министрлигине Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигин, Миграция мамлекеттик кызматын кошуу нааразылыкты жаратты. Мамлекеттик башкарууну оптималдаштыруу чынында эле зарыл экенин айткан адистер, бирок ал азыркыдай башаламан жана чачкын тартипте жүрбөй, негиздүү болушу керектигин айтышууда.

Мамлекеттик башкаруу боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн адис Эркайым Мамбеталиева өкмөттүн жаңы түзүмүн мындайча сынга алды:

Эркайым Мамбеталиева
Эркайым Мамбеталиева

«Мында "үнөмдөө үчүн мамлекеттик кызматты оптимизация кылып жатабыз" деген ой айтылды. Бирок бул жерде биринчи кезекте "ушул кадам аркылуу калкыбызга сапаттуу мамлекеттик кызмат көрсөтө алабызбы" деген маселе коюлган жок. Мына ушундай түзүм аркылуу элдин көйгөйүн чече алабызбы деген суроо турат. Азыр эми ансыз дагы жүгү оор болуп турган Саламаттык сактоо министрлигине Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигин, ал аз келгенсип, эң орчундуу тармак болуп жаткан Мамлекеттик миграцияны кошуп салуу эмне дегендик? Айрыкча пандемия башталгандан бери бул тармактын өзүндө эле эмне деген көйгөйлөр чыкты? Мунун бардыгын кабаттап, кошуп салса, алар калкка кызмат кылышабы же өздөрүнүн ортосундагы башкаруу бюрократиясынан башы чыкпай калабы? Бизде функционалдык анализ жүрбөй эле мына ушуга окшогон негиздемеси жок бейпайда оптимизация чарасынан кийин анын кесепеттери канчалык экенин булар түшүнүшөбү?».

Өкмөттүн өзгөргөн түзүмү
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:21 0:00

Ошол эле кезде парламентте сөз сүйлөгөн президент Садыр Жапаров мамлекеттик башкарууну реформалоо эң негизги багыттардын бири экенин айтып, министрликтерди ирилештирип, кыскартууларды жүргүзүү аркылуу казына каражаты үнөмдөлүп жатканын белгиледи. Садыр Жапаров ошол эле кезде чакан жана ыкчам өкмөттү түзүү милдети турганын айтты:

«Биз баштаган реформанын бир багыты - мамлекеттик башкарууну оптималдаштыруу. Башкача айтканда, эбегейсиз чоңоюп, өсүп кеткен мамлекеттик бюрократиялык аппаратты кыскартуу. Кадр саясатын жаңыча жүргүзүү. Анын натыйжасында чечимдерди маалкатпай кабыл алуу. Иш кагаздарын жүгүртүүнүн тартибин тездетүү. Башкарууну оптималдаштыруу демекчи, энергетика тармагындагы вертикалдык интеграция моделин иштеп чыгып, аны ишке ашырууну көздөп жатабыз. Сунушталып жаткан моделдин экономикалык натыйжасы 2 млрд. сомду түздү».

Ал эми премьер-министр Улукбек Марипов өкмөттүн жаңы түзүмүндөгү айрым тармактарды кошуп-ирилештирүү маселесин кайра карап чыгууга макул экенин билдирген. Ал айрым мамлекеттик фонддорду, агенттиктерди жана кызматтарды кайсы бир министрликтердин курамына киргизүүнүн негиздүүлүгү аныктала турганын белгилеген.

XS
SM
MD
LG