Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:51

Премьер-министрликке сунушталган Марипов ким?


Улукбек Марипов
Улукбек Марипов

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция премьер-министрликке Улукбек Мариповдун талапкерлигин жактырды. Эми Марипов коалициялык өкмөттүн акыркы башчысы болуп калышы мүмкүн.

Өткөн аптада расмий кызматка киришкен президент Садыр Жапаров менен иштешчү премьер-министр белгилүү болду. Өкмөт башчылыкка Улукбек Мариповдун талапкерлигин көпчүлүк коалицияга «Республика-Ата Журт» фракциясы 1-февралда расмий сунуштады.

Дүйшөмбүдө парламенттик көпчүлүк Мариповдун талапкерлигин бир добуштан жактырса, 2-февралда парламенттин тиешелүү комитети Марипов жетектеген өкмөттүн курамын жана түзүмүн колдоду. Эми ушул аптада Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында жаңы өкмөт бекитилиши мүмкүн.

Кыргызстандын эгемен 30 жылдык тарыхындагы 24-премьер-министри болчу Улукбек Марипов деген ким?

42 жаштагы Марипов Оштун Ноокат районунда туулуп-өскөн. Ош мамлекеттик жана Ош технологиялык университеттерин аяктап, экономист жана юрист деген кесиптерге ээ болгон.

2001-жылы Финансы министрлигине адис болуп орношуп, туура 20 жылдан бери мамлекеттик кызматты аркалап келет.

Ал бул мезгилде Кирешелер боюнча комитетте, Жогорку Кеңеште, президенттик аппаратта ар кыл кызматтарды ээлесе, акыркы беш жылдан бери Эсеп палатасынын төрагасы болуп турган. Болочоктогу премьер-министр өз карьерасында бир кезде экс-вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен тыгыз иштешкен.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана Улукбек Марипов
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана Улукбек Марипов

Тагыраагы, эмгек жолун Финансы министрлигинде жөнөкөй адистиктен баштаган Марипов эки жылдан кийин бажы жана салык тармагынын башын кошкон Кирешелер боюнча комитеттин ошол маалдагы төрагасы Шадиевдин жардамчысы болгон.

Мындан соң Шадиев Баткенге губернатор, кийин Жогорку Кеңеште депутат кезинде Марипов жардамчы болуп эриш-аркак жүргөн.

Кийин президенттик аппаратка жумушка которулуп, 2011-жылдан тартып төрт жыл бою мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жардамчысы болгон.

2015-жылы президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басарлыгына дайындалып, бир жыл өтпөй Эсеп палатасын башкарууга которулган.

20 жылдык кызматтык тажрыйбасына таянган Улукбек Марипов өкмөттү башкарууга даяр экенин билдирди:

«Өкмөт башчылыкка мага сунуш болду. Азыркыдай кырдаалда бул кызматка барам деп айтыш оор болсо керек. Мен кайсы тармакта иштебейин, принцибим - таза иштөө. Өзүмө тажрыйба топтодум. 20 жылдан бери мамлекет мага инвестиция салып келди, эми мамлекетке кызмат кылчу мезгил келди деп ойлойм».

Улукбек Марипов - Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты, Ноокат райондук ооруканасынын учурдагы директору Асамидин Мариповдун уулу.

73 жаштагы Асамидин Марипов бир палаталуу парламентке Ноокат округунан депутат болуп шайланган. Ал депутаттыктан кеткен соң өз аймагына кайтып, жергиликтүү оорукананы башкарып калган. Былтыр коронавирус пандемиясы күчөп турган маалда Асамидин Марипов бул илдетке каршы күрөштө салым кошкону үчүн III даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган.

Ал эми болочок премьердин иниси Бактыбек Марипов Ноокат районунун акими. Ал бир нече жыл Ноокаттагы Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы болуп эмгектенип келсе, былтыр октябрь окуяларынан соң райондун жетекчилигине өткөн.

Улукбек Мариповдун аталаш агасы Болотбек Марипов Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Болотбек Марипов 2005-жылдагы "Жоогазын" ыңкылабынын алдында мурдагы президент Аскар Акаевдин тун кызы Бермет Акаева менен бир округдан депутаттыкка ат салышкан. Кийин Акаева мандаттан ажыратылган соң Жогорку Кеңешке депутаттыкка келген.

Мариповдордун өлкөнүн түштүгүндөгү таасирдүү үй-бүлө экенин эске салган айрымдар дал ушул жагдайдан улам премьер-министрликке талапкер болду деген пикирин жашырышпайт.

Бул жаатта Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев болочоктогу премьерден «атаңыздын кадыры менен бул кызматка көрсөтүлгөн жоксузбу?» деп түз сурады:

Зарылбек Рысалиев
Зарылбек Рысалиев

Рысалиев: - «Орустарда «папин сын», «мамин сын» деген түшүнүк бар. Дал ушул «папин сын» эмессизби?

Марипов: - Сиздин айтканыңызга кыргыздын салты боюнча жооп берейин, мен атамдын фамилиясын эч булгагым келбейт.

Рысалиев: - Атаңыздын күчү менен ушул кызматка келаткан жоксузбу?

Марипов: - Атамдын берген тарбиясы менен абдан сыймыктанам. Мен да ушундай балдарды тарбиялап өстүрсөм деген ниетим бар. Бирок бардык кызматтарда өз принциптериме таянып гана иштеп келе жатам.

Улукбек Марипов менен чогуу иштегендер аны өтө этият, тапшырманы так аткарган, жоопкерчиликтүү адам катары сыпатташат. Буга чейин ал жардамчы болгон жетекчилер дал ушул сапаттарын баалашканын айтышат.

Марипов менен Атамбаевдин администрациясында бирге иштеп калган Жогорку Кеңештин учурдагы депутаты Жанар Акаев анын талапкерлиги премьер-министрликке жоопкерчиликтүүлүгү жана саясий амбициясы жок экенин эске салуу менен сунушталышы мүмкүн деген пикирде:

Жанарбек Акаев
Жанарбек Акаев

«Кыргызстанда башкаруу системасы өзгөрүп, толук президенттик башкарууга өтүп жаткан мезгилде ким премьер-министр болбосун, президенттин жардамчысы катары эле иштейт. Ошондуктан, Улукбек Мариповдун талапкерлиги азыркы мезгилге ыңгайлуу деп ойлойм. Ал өзү да айткандай, саясий дымагы жок. Элпек жигит, президентти угат, парламент менен кызматташа алат. Буга чейинки шайлоолордо саясий интригаларга аралашканы жөнүндө маалымат жок. Мен Улукбек Марипов менен чогуу иштеп калдым, мамлекетчил, алдым-жутумдан алыс экенин байкагам. Өтө чоң реформалар болбосо да, буга чейинки иштеп келген премьер-министрлердей болуп, Жапаровдун кол алдында эмгектениши мүмкүн».

Ал эми саясий эксперт Руслан Акматбек азыркыдай оор кырдаалда премьердин элпектигине эмес, адискөйлүгүнө артыкчылык берилсе деген ойдо:

«Биз учурда азыркы Конституция менен иштеп, жашап жатканыбызды унутпашыбыз керек. Бул Конституцияга ылайык, парламент тарабынан сунушталган талапкер премьер-министр катары күчтүү, өз алдынча саясат жүргүзө алган учурдагы көйгөйлөр менен чечкиндүү күрөшө алган, Ак үйдөн көз карандысыз чечим чыгара алган харизмалуу лидер болушу керек эле. Тилекке каршы, бүгүнкү талапкер «көшөгө артында, жең ичинен» кабыл алынган компромисстик фигура экени парламентте көрүнүп калды».

Ушул тапта сунушталып жаткан жаңы Конституциянын долбооруна ылайык, премьер-министр деген кызмат жоюлганы турат. Жаңы президент бийликтин эки тизгин, бир чылбырын өз колуна алып, аткаруу бийлигин өзү көзөмөлдөйт. Ал эми министрлер кабинетинин төрагасы президенттин аппаратын да жетектеп, саясий салмагы азаят. Тактап айтканда, алдыңкы айларда өтчү референдумда Баш мыйзам көпчүлүктүн добушу менен кабыл алынса, Улукбек Марипов коалициялык өкмөттүн соңку башчысы болуп калмакчы.

Жаңы Конституцияга ылайык, азыркы премьер-министр президенттин жардамчысы деңгээлинде министрлер кабинетинин төрагасы болот.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG