Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:49

Жаңы кадр саясатынын жагдайлары


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров алгачкы жарлыктарынын бири катары «Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө» жарлыкка кол койду. Анда мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга кадрларды тандоону жакшыртуу чаралары камтылган. Ошондой эле президент өкмөткө жана Мамлекеттик кадр кызматына катардагы мамлекеттик кызматтарга гана эмес, саясий жана жогорку административдик жетекчилик кызматтарга дайындоолорду да сынак аркылуу жүргүзүү тартибин иштеп чыгууну сунуштаган.

Ошондой эле мамлекеттик башкаруудагы ишенимсиз кадрлардан арылуу үчүн кадрлардын «кара тизмеси» түзүлө турганы белгилүү болду.

Мамлекеттик кадр кызматынын төрагасы Абдрахман Маматалиев жаңы кадр саясатынын өзгөчөлүктөрү тууралуу буларды айтты:

Абдрахман Маматалиев
Абдрахман Маматалиев

«Саясий кызматтарды ээлегендерден баштап, катардагы мамлекеттик кызматтарга жана мамлекеттик ишканалардагы кызматтарга дайындоолор эми Мамлекеттик кадр кызматы сунуштаган квалификациялык талаптардын негизинде жүргүзүлөт. Анда сөзсүз түрдө билими, аталган тармак боюнча адистиги жана тажрыйбасы эске алынат. Мисалы, жогорку административдик кызматтарга дайындоо үчүн кадрдын бир нече жылдык жетекчилик иш тажрыйбасы болушу шарт. Мурда мындай нерсе жок эле. Жетекчини сырттан алып келип эле дайындап коюшчу. Азыр эми андай болбойт. Эң негизгиси - ар бир кадрдын бедели таза болушу керек. Мурда жумушта кетирген кемчиликтери үчүн кызматынан алынгандар, коррупцияга аралашкандар эми мамлекеттик кызматка келе алышпайт».

Жарлыкта жарандардын мамлекеттик кызматка баруусуна бирдей шарт түзүп, кесипкөй адистерди, келечектүү жаштарды тартуу, мамлекеттик кызматчылардын адеп-ахлагын жакшыртуу жана мамлекеттик башкаруудагы коррупциялык көрүнүштөрдү кыскартуу максаты көрсөтүлгөн. Буга байланыштуу президент кадр саясатынын стратегиясын иштеп чыгууну тапшырган.


Жетекчилик кызматтарга дайындоодо кадрлар резервинде тургандардын артыкчылыгын камсыздоо жана кадрдык резервдердин маалыматтарын пайдаланууга көзөмөл уюштуруу сыяктуу чаралар көрсөтүлгөн.

Абдрахман Маматалиев мамлекеттик кызматка кадрларды көрсөтүүдөгү саясий жана партиялык-бюрократиялык артыкчылыктар алынып салынарын белгиледи:

«Саясий кызматтарга гана эмес, атайын жогорку мамлекеттик административдик кызматтарга жетекчилерди деле эч ким менен макулдашпай, бизге айтпай эле дайындап коюшчу. Эми алардын бардыгы атайын электен өткөрүлүп, атайын талаптардын негизиндеги сынактар аркылуу гана дайындала турган болду. Мисалы, депутаттын же министрдин жардамчысы болуп иштеп жүрүп, анан ал адистер сынаксыз эле башка кызматтарга дайындалган учурлар болду. Бир учурларда 1-2 жардамчы болуп жүрүп, анан эле башка бир чоң кызматтарга дайындаган өнөкөт күч алган болчу. Эми андай нерселерге уруксат жок. Эгерде алардын жардамчылары мамлекеттик кызматка баргысы келсе, башка жарандар сыяктуу эле сынактардын негизинде келиши керек».

Ошондой эле кадрларды даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуунун туруктуу системасын түзүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөө үчүн сынактардын ачык-айкындуулугун камсыздоо талаптары камтылган.

Саясий кызыкчылыктарга таянган кадр саясаты

Депутат Айнура Аскарова башкаруучу коалицияда премьер-министрликке көрсөтүлгөн Улукбек Мариповго саясий кызыкчылыктардан жогору турган кадр саясатын жүргүзүү тууралуу суроо берди:

«Мамлекеттик кызматта кадрлар жылдап даярдалат. Анан жетекчи болуш үчүн кадрлар бир топ тепкичтерди басып өтүүгө тийиш. Бирок, тилекке каршы, тигил же бул топтун кызыкчылыгы үчүн же болбосо тигил же бул партиянын кызыкчылыгы үчүн деген негизде даяр эмес кадрлар деле жетекчилик кызмат орундарына дайындалып калууда. Саясий күчтөрдөн көз каранды болбостон мамлекеттик кызматка дасыккан кадрларды тартканга саясий эркиңиз жетеби?».

Парламентте башкаруучу коалициянын жыйынында премьер-министрликке көрсөтүлгөн Улукбек Марипов мамлекеттик башкаруудагы кадр саясаты эң орчундуу маселе экенин айтып, кадрлардын тазалыгы, кесипкөйлүгү жана тажрыйбасы маанилүү экенин белгиледи:

Улукбек Марипов
Улукбек Марипов

«Эң негизги принцип - кадр таза иштеш керек. Таза эле иштеп, бирок тажрыйбасы жок болсо да болбойт. Анда иш жүрбөйт. Ошол үчүн адис таза болуп, анан тажрыйбасы да болуп, негизгиси иштин жыйынтыгын көргөзө билиши зарыл. Ошол эле кезде мындай кадр табуу да татаал. Ошондуктан кадрдык резервдер менен иштешүү маанилүү. Мамлекеттик башкарууда кокусунан келип калгандар болбошу керек».

Мамлекеттик башкарууда кесипкөй адистер жетиштүү экенин айткан айрым депутаттар тажрыйбалуу болгонуна карабастан, колу таза эместерден арылуу маанилүү экенин белгилешти.

Саясат талдоочу Кубатбек Кожоналиев кадрларды илик-чатыштык жана жаш өзгөчөлүгүнө карата тандаган өнөкөттөрдөн арылуу татаал иш экенин айтты:

«Бул көрүнүштөр эми кыргыздын канына сиңип калган. Кыргызда бир туура эмес макал бар «кол ийрисине тартат» деп коюшат. Андай өнөкөттөн арылууга бизге дагы бир топ убакыт керек болот. Дайындалган кадрларды карап көрсөң эле агасы-тагасы, тууган-уругу болуп чыга келет».

Президент Садыр Жапаров буга чейин кадрларды тааныш-билиштик менен тандоо тыйыларын, иштин көзүн билгендер гана мамлекеттик кызматка тартыларын убада кылган. Анын жаңы кадр саясаты боюнча жарлыгында жаңы талаптарга ылайык, мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы сунушталган.

XS
SM
MD
LG