Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:26

Медицинанын 41 кызматкерине мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылды


Коронавирус илдетине чалдыккан бейтапты карап жаткан дарыгер. 14-июнь, 2020, Бишкек.
Коронавирус илдетине чалдыккан бейтапты карап жаткан дарыгер. 14-июнь, 2020, Бишкек.

Президент Сооронбай Жээнбековдун 3-июлда чыгарган жарлыгында белгиленген маалыматка караганда, «коронавирустук инфекциясына каршы күрөшүүгө, калктын саламаттыгын сактоого жана санитардык-эпидемиологиялык бакубаттуулукту камсыз кылууга салым кошкондугу үчүн» медицина тармагынын 41 кызматкерине мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылды.

Алардын ичинен III даражадагы «Манас» орденине Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев, Ош облусунун Ноокат аймактык ооруканасынын директору Асамидин Марипов татыктуу болушту.

«Даңк» медалы Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин Лабораториялык сыноо борборунун башчысы Айгүл Жумакановага, Москва районунун аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн улук медайымы Бегим Кабыловага жана Оштогу облус аралык клиникалык оорукананын гепатология бөлүмүнүн медайымы Гүлипа Мадраимовага ыйгарылды.

Мындан тышкары медицина тармагынын 17 кызматкерине «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери» мамлекеттик наамы, 19 кызматкерине «Кыргыз Республикасынын ардак грамотасы» ыйгарылды.

Коронавирус пандемиясы башталган 18-марттан 3-июлга чейин өлкө боюнча бул илдет 6767 адамдан табылды, алардын ичинен 76 бейтап кайтыш болду, 2655 бейтап айыкты.

Бул аралыкта коронавирус 994 медицина кызматкерине жукту, алардын 484ү айыгып чыкты. Расмий статистика боюнча төрт кызматкер каза болду.

Кыргызстанда жыл сайын июль айынын алгачкы жекшембиси медицина кызматкерлеринин күнү катары белгиленет. Мындай токтомду Кыргыз өкмөтү «Кыргыз Республикасынын элинин саламаттыгын сактоо жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынышына байланыштуу 1993-жылы 8-июнда чыгарган.

XS
SM
MD
LG