Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:27

Ноокатта коронавирустан медайым көз жумду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ноокатта медицина кызматкери коронавирустан каза болду. Бул тууралуу 3-июлда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады.

Штабдын маалыматына караганда, 59 жаштагы кызматкер Ноокат аймактык ооруканасында көз жумду.

Ноокатта медайым кайтыш болгону тууралуу кабар 2-июлда чыккан. Райондук оорукананын жетекчиси Асамидин Марипов «Азаттыкка» каза болгон аял бул мекеменин эмес, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун кызматкери экенин, илдетти Бишкекте жашаган уулунан жугузуп алганын билдирген:

«Экөө ооруканага оор абалда түшүп, эки-үч күндөй жатышты. Өпкөсү иштен чыгып, түнкү саат эки чамасында каза болду. Ал (медайым) райондук ооруканада иштеген эмес. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда медайым болгон».

Ош облусунда алгачкы жолу Ноокат районунда 20-март күнү COVID-19 жугузуп алгандар аныкталган. Ошол эле күнү районго өзгөчө кырдаал жарыяланып, оорунун очогу чыккан айылдар убактылуу тосулган.

Жалпысынан бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус 994 медицина кызматкерине жукту, алардын 484ү айыгып чыкты. Каза болгондор боюнча расмий статистикада буга чейин үчөө болчу.

Алар - Бишкектеги №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлер тобунун жетекчиси, 2-майда каза болгон Жүзүмкан Көкүмбаева, Ош облусунун Кара-Кулжа райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун дарылоо-кеңеш берүү бөлүмүндө фтизиатр болуп эмгектенип келген дарыгер, 2-июнда көз жумган Альберт Исмаилов жана 30-июнда 70 жаш курагында жан берген Ички иштер министрлигинин Оштогу дарылоо борборунун ординатор дарыгери Жамал Тазабекова.

Соңку бир суткада COVID-19 дагы 73 медицина кызматкеринен табылды.

Өкмөттүн чечимине ылайык, бул илдет жуккан медицина кызматкерлерине 200 миң сом, ал эми каза болгондорго бир миллион сом кенемте төлөнүп берилиши керек. (RK)

XS
SM
MD
LG