Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:32

Депутат Бекешев: Бийликти тейлеген УКМКга гана эмес, жетимдерге да бир-эки үй курсаңар


Депутат Дастан Бекешев.
Депутат Дастан Бекешев.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлерине өкмөттөн батир берүү маселесин кароодо кылдат болууга чакырды.

4-февралда парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып ал атайын кызматты бийликти тейлеген мекеме катары мүнөздөп, саясий камоолор үчүн айыптады:

«Ооба, УКМК кызматкерлерине үй керек. Алардын айлыгы аз. Мунун баары түшүнүктүү. Бирок эмне үчүн бизде күч кимде болсо, баары ошого берилет? Бизге жетимдер кайрылат. Аларга «акча жок» деп кантип жооп беребиз? Бирөөнө акча бар, бирөөнө жок. Аларга деле бир-эки үй салып койгулачы. УКМКда чынчыл, таза адамдар бар. Бирок ал негизинен бийликти тейлейт. Кечээ ошол эле кызматкерлер Ташиев менен Садыр Жапаровду камашкан. Бүгүн башкаларды камап жатышат. Бүрсүгүнү буларды да кайра камашат. Кимди камаш керек, аларга айырмасы жок».

УКМКнын кызматкерлерине Бишкек шаарында турак жай салуу үчүн 580 миллион 935 миң сомго сынак жарыяланганы тууралуу кабар мамлекеттик сатып алуу порталына чыкты.

Коомчулукта соңку жылдары Кыргызстанда мамлекеттин эсебинен курулган батирлер көбүнчө айлыгы чектелүү мугалим, дарыгерлерге эмес, күч кызматкерлерине берилип жатканы сынга кабылып келет.

Атайын кызмат депутат Бекешевдин билдирүүсүнө азырынча комментарий бере элек.

Былтыр декабрь айында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бул мекемеде ондогон жылдар бою чын дилинен кызматын кылып, бирок өз үйү жок болгондуктан ижарага алынган батирде жашоого мажбур болгон кызматкерлер бар экенин айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG