Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:11

Мекеме басып алуу боюнча айыпты Курсан Асановдон башкаларга да коюу керектиги парламентте айтылды


Курсан Асанов. 2020-жылдын 7-октябрында тартылган сүрөт.
Курсан Асанов. 2020-жылдын 7-октябрында тартылган сүрөт.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго байланыштуу маселе бүгүн, 4-февралда Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. Депутат Дастан Бекешев Асановго коюлган айып боюнча так түшүндүрмө берилиши керектигин белгилеп, октябрь окуялары учурунда мекемелерди басып алуу аракети көп болгонун айтты жана калыстык үчүн ошол адамдарды да жоопко тартуу зарылдыгын кошумчалады:

«Ал эмнеге айыпталып жатканын так айтып, сотун ачык кылышса туура болот эле. Ошол кезде ким гана кайсы гана мекемени басып алган жок. Эмне үчүн башкаларга айып коюлбайт? УКМКны басып алгандар болду, Финполду, Башкы прокуратураны басып алууга аракет жасашты. Объективдүү болуу керек».

Бекешев Асановду тил кат менен бошотуу керектиги тууралуу пикирин да билдирди.

Курсан Асанов 2020-жылдын 5-9-октябрындагы Бишкектеги жапырт башаламандыкка байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, 10-октябрда эки айга камакка алынып, 4-ноябрда кайра үй камагына чыгарылган.

26-январда ал Жазык кодексинин 245-беренесинин 1-пункту («Имаратты жана мекемени басып алуу») боюнча айыпталып, кармалган. Азыр Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта отурат.

2020-жылдын октябрында парламенттик шайлоодон кийин өлкөдө бийлик алмашкан. Асанов ошол убакта бир нече күн Ички иштер министринин милдетин аткаруучу болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG