Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:36

Садыр Жапаров: Антикризистик чукул чараларды көрүшүбүз керек


Садыр Жапаров. 3-февраль, 2021-жыл.
Садыр Жапаров. 3-февраль, 2021-жыл.

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 3-февралда жаңы шайланган өкмөт мүчөлөрү Жогорку Кеңеште ант бергенден кийинки сөзүндө айтты. Ал өкмөттүн бул жолку курамы Кыргызстандын өнүгүү жолу сынакка түшкөн учур менен коштолуп жатканын билдирди.

«Ачык эле моюнга алуу керек. Бизди оор сыноолор күтүүдө. Мен буга чейин бир нече жолу кайталап айткандай биздин алдыбызда экономиканы турукташтыруунун, коронавирус пандемиясынын кесепеттерин жоюунун, башкача айтканда, антикризистик чукул чараларды көрүүнүн кечиктирилгис милдеттери турат».

Президент негизги реформалардын бири - башкарууну оптималдаштырып, мамлекеттик бюрократиялык аппаратты кыскартуу экенин кошумчалады.

Анын сөзүнө караганда энергетика тармагындагы реформалардан эле 2 млрд. сом түшөт деп күтүлүп жатат. Ушундай эле иштер ар бир министрликте да аткарылышы керек.

Садыр Жапаров 3-февралда премьер-министр Улукбек Марипов баштаган өкмөт мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Аткаруу бийлиги 16 жетекчиден турат.

Мунун алдында Жогорку Кеңеш Улукбек Мариповду, ал сунуш кылган өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын жактырды. Аларды бекитүү тууралуу токтомдорду депутаттар дээрлик бир добуштан колдошту. (BTo)

XS
SM
MD
LG