Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Август, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 20:55

«Кыргыз үмүтү» Жээнбековго каршы арыз жазды


Сооронбай Жээнбеков президент учурунда тартылган сүрөт

Октябрь окуяларында өкмөт күчтөрү аткан октон жараат алгандар экс-президент Сооронбай Жээнбековдун үстүнөн арыз жазышты.

Башкы прокуратура арыздын негизинде териштирүү жүргүзүп, укуктук баа берүүнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (УКМК) жана Ички иштер министрлигине (ИИМ) тапшырды. Жээнбеков бул жагдайга позициясын билдире элек.

Жаракат алгандардын талабы

Самат Өкмөткулов 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылардын тынч митингине чыккан. Акция башаламандык менен коштолуп, өкмөт күчтөрү курал колдонгондо жарадар болгон.

Самат Өкмөткулов
Самат Өкмөткулов

Самат сыяктуу жараат алгандар биригип түзгөн “Кыргыз үмүтү” коомдук бирикмеси экс-президент Сооронбай Жээнбековду жоопкерчиликке тартууну өтүнүп, Башкы прокуратурага арызданышты.

Алар «аянтка чыккан элди кууп-таратуу боюнча күч органдарына тапшырма берген» деген негизде Жээнбековду жазага тартууну талап кылышууда.

«Экс-президент деген макамы алынып, өзү жоопко тартылсын. Элге каршы ок атууга Жээнбеков буйрук берип жатпайбы. Граната жарылганда бутуман жараат алгам. Үч жолу операция жасаттым, дагы үч операция калды»,- деди Өкмөткулов.

Башкы прокуратура Сооронбай Жээнбековго каршы арызды УКМКга жана ИИМге жолдоду. Мунун себебин Башкы көзөмөл органынын басма сөз катчысы Наргиза Куватова 2-февралда “Азаттык” радиосуна минтип түшүндүрдү:

«Анткени ал жерде жазык иштери бар. Ошол иштердин алкагында каралып, укуктук баа берүү үчүн ушул укук коргоо органдарына жөнөтүлдү».

Бишкекте 2020-жылдын 5-6-октябрындагы башаламандык маалында 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу көз жумган. 1221 адам жабыркап, жүздөй киши ооруканага түшкөн. Ондогон адамдардын көзү, башка органдары катуу жабыркаган.

Жараат алгандар түзгөн «Кыргыз үмүтү» коомдук бирикмеси Юстиция министрлигинин каттоосунан былтыр 1-декабрда өткөн. Аны Саламат Алмазбек уулу жетектейт.

«​Бул - саясий талап»

Саясатчы Равшан Жээнбеков уюмдун күч органдарына жазган арызын мыйзамдуу талап деп эсептейт:

«​Биринчиден, бул туура талап. Экинчиден, аябай маанилүү кылмыш иши. Үчүнчүдөн, Сооронбай Жээнбеков өзүнүн мурдагы досу, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди “экс” макамынан ажыраткан жараянга саясий колдоо көрсөтүп, прецедент жаратып кеткен».

Жээнбековго каршы арыз жазгандар мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди жана УКМКнын мурдагы башчысы Орозбек Опумбаевди таап, жоопко тартууну суранышкан. Эки генерал октябрь окуяларынан бери дайынсыз.

Асия Сасыкбаева
Асия Сасыкбаева

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Асия Сасыкбаева Сооронбай Жээнбеков менен кошо эки органдын ошол кездеги жетекчилери сөзсүз жоопко тартылууга тийиш деген турумда:

«Алар тынчтык митингине келген кишилерге зыян кылышты. Ооба, ал жерде чагым уюштургандар да жүргөн. Бирок күч органдары чагымчылдарга каршы иштегенди билиши керек болчу. Чагымчылдыкка каршы туруунун оош-кыйышын үйрөнүү, өздөштүрүү үчүн алар эл аралык уюмдардан гранттарды алып, окуудан өтүшкөн. Алар эмне кылышты? Элге ок атышты. Атканда да башына, көзүнө атышты. Күнөөлөрү чоң экенин өздөрү да түшүнүп турат. Бул үчүн мыйзам алдында жооп бериши кажет»​.

«​Шашылыш чара көргөнгө болбойт»​

«Кылым шамы»​ укук коргоо уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова Жээнбековду жана анын тушунда күч түзүмүн башкаргандардын жоопкерчилигин кароо маселеси шашылыш кабыл алынбай, дыкат изилдениши керектигин айтты.

«​Атууга буйрукту ким берген, ал буйрукта мыйзамдын негиздери болгонбу? Ушуну изилдеш керек. Ошол окуялардан кийин көз карандысыз мамлекеттик орган текшерип чыктыбы? Сот карадыбы? Тынч жыйын өткөрүү эрежелери жазылган мыйзамдарга ылайык, күч кызматкерлери эгер ок атса, анын негиздерин сот карап чыгышы керек. Баарын изилдеп, мыйзам бузуулар такталса, анда ага жооптууларды жазага тартса болот. Анын үстүнө, адам укуктарына, инсан өмүрүнө каршы жасалган кылмыштар болсо, анын мөөнөтү өтпөйт, кайсы учурда болсо да кылмыш жообуна тартса болот».

2017-жылы алты жылдык мөөнөткө президент болуп шайланган Сооронбай Жээнбеков 2020-жылы парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык шары менен отставкага кеткен.

2021-жылдын январында экс-вице-премьер-министр, "мыйзамсыз баюуга" шек саналып камалган Дүйшөнбек Зилалиевдин ишине байланыштуу сотко күбө катары чакырылып, барган эмес. 3-февралда Бишкек шаардык сотуна кайрадан чакыртылган.

Жээнбековдун адвокаты Жыргалбек Бабаев Зилалиевдин ишинде мурдагы мамлекет башчы фигурант болбогонун, сотко барууга милдеттүү эместигин айткан.

«Жээнбековдун бул ишке эч тиешеси жок, фигурант да эмес, күбө да эмес. Ошондуктан сотко барууга да милдеттүү эмес. Экс-президент деген статусун айтпаганда да сотко барууга эч бир жүйө жок. Биз расмий билдиребиз – Зилалиевдин «банктан алынган акча Жээнбековдун шайлоо өнөктүгүнө камдалып, анын өзүнө тапшырылган» дегени - курулай жалаа, ишке саясий боёк берүүгө жасаган далалаты», - деген адвокат.

Бабаев мурдагы президент Жээнбековдун үстүнөн Башкы прокуратурага жолдонгон арыз тууралуу суроого азырынча эч кандай маалымат келбегенин айтып, жооп узатты.

Экс-президент «Президенттин ишмердигинин кепилдиктери» жөнүндө мыйзамга ылайык кол тийбестик макамга ээ. Аны камоого, тинтүүгө, суракка алууга мыйзам жол бербейт.

Ал арада Жээнбеков Сауд Арабиясына умра зыяратына жөнөп кетти. Анын жакындары экс-президент 1-февралда кеткенин жана он күндөн соң Бишкекке кайтып келерин билдиришкен.

Пикирлерди көрүңүз (34)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG