Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 04:45

Сооронбай Жээнбековду жоопко тартуу тууралуу арыз УКМК менен ИИМге жиберилди


Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетерин жарыялаган учуру. 16-октябрь, 2020-жыл. Бишкек.

Башкы прокуратура мурдагы президент Сооронбай Жээнбековду 2020-жылдын октябрындагы балашамандык үчүн жоопко тартуу боюнча арызды УКМК жана ИИМге жиберди.

Бул тууралуу 2-февралда «Азаттык» радиосуна Башкы көзөмөл органынын басма сөз катчысы Наргиза Куватова билдирди:

«Түшкөн арыз УКМКга жана ИИМге жиберилди. Анткени ал жерде жазык иштери бар. Ошол иштердин алкагында каралып, укуктук баа берүү үчүн ушул органдарга жөнөтүлдү».

Маалыматка караганда, октябрь окуяларында жабыркагандар түзгөн «Кыргыз үмүтү» коомдук бирикменин өкүлдөрү «аянтка чыккан элди кууп-таратуу боюнча күч органдарына тапшырма берген» деген негизде Жээнбековду жазага тартып, экс-президент деген макамынан ажыратууну талап кылууда.

УКМК жана ИИМ арыз боюнча маалымат бере элек.

«Кыргыз үмүтү» коомдук бирикмеси Юстиция министрлигинин каттоосунан былтыр 1-декабрда өткөн. Аны Саламат Алмазбек уулу жетектейт.

Бишкекте 2020-жылдын 5-6-октябрындагы башаламандык маалында 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу көз жумган.

1 221 адам жабыркап, жүздөй киши ооруканага түшкөн. Ондогон адамдардын көзү, башка органдары катуу жабыркаган.

2017-жылдан бери президент болуп келаткан Сооронбай Жээнбеков 16-октябрда кызматын өз каалоосу менен өткөрүп берип, өлкөдө бийлик алмашкан. (NT)

Пикирлерди көрүңүз (24)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG