Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:22

Кыйноого кабылганын БУУ комитети тааныган кыргыз жараны сотко кайрылат


Курманбек Чыныбеков.
Курманбек Чыныбеков.

Милициянын кыйноосуна кабылганын Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) адам укуктары боюнча комитети тааныган кыргызстандык жарандын адвокаты сотко кайрылганы жатат. Ал соттон ишин кайра карап чыгууну жана кенемте төлөтүп берүүнү суранмакчы. Бул тууралуу 2-февралда «Азаттык» радиосуна адвокат Өткүрбек Жаббаров билдирди:

"Кыйноо фактысы боюнча ишти жандандыруу маселеси. Экинчиден, компенсация боюнча ИИМди жана Каржы министрлигин сотко беребиз. Аксы райондук сотуна кайрылабыз".

дун маалыматына караганда, Курманбек Чыныбеков 2007-жылы мал уурулук үчүн соттолгон. Бирок кийин ал Жалал-Абад облусунун Аксы районунун кызматкерлери айыпты моюнуна алдырыш үчүн мыкаачылык менен кыйнашканын айтып чыккан жана прокурордон милиционерлерди жоопко тартууну өтүнгөн. Прокуратура милиционерлерге карата иш козгоодон баш тартып, соттор да прокурорду колдошкон.

Былтыр декабрь айында БУУнун комитети 40 жаштагы Чыныбековго карата кыйноо колдонулганын тааныган.

Жактоочулардын айтымында, ал милиционерлердин ур-токмогунан кийинки жаракатынан улам операция болуп, төрт омуртка сөөгүн алдырууга мажбур болду, өз алдынча баса албагандыктан, азыр майыптардын арабасы менен жүрөт.

2011-жылы негизделген «Кыйноого каршы коалиция» уюмунун курамында 13 укук коргоо уюму бар. Жалпысынан бул коалицияга 322 арыз түшкөн, анын 240 арызы боюнча териштирүү башталган, 15 кылмыш иши козголгон.

Укук коргоочулардын айтымында, Кыргызстанда кыйноо фактылары негизинен кылмышка шектүү адам жаңы кармалганда, милиция бөлүмүндө катталат. Ички иштер министрлиги (ИИМ) мындай окуялар бар экенин, кызматкерлер арасында түшүндүрүү иштери жүрүп турарын билдирип келет. (RK)

XS
SM
MD
LG