Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:05

Навальныйдын тарапташтарына бөгөт коюш үчүн Москванын полициясы көчөлөрдү жабат


Орусияда А.Навальныйды колдогон нааразылык жыйындарынын миңдеген катышуучулары кармалды. Санкт-Петербург. 2021-жылдын 31-январы.
Орусияда А.Навальныйды колдогон нааразылык жыйындарынын миңдеген катышуучулары кармалды. Санкт-Петербург. 2021-жылдын 31-январы.

2-февралда (шейшембиде) орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын иши боюнча соттун жүрүшүндө Москва шаардык сотуна жакын бир нече көчө толук жабылат. Бул тууралуу Орусия Ички иштер министрлигинин Москва шаардык башкармалыгынын интернет барагы маалымдады.

Навальныйдын иши боюнча сот отуруму Москва убактысы боюнча таңкы саат 10до башталат. Сот жүрүмүнө Навальныйдын өзү убактылуу тергөө абагынан алынып келе тургандыгы жоромол кылынууда. Шейшембидеги сот отурумуна сот ишине тиешеси бар саналуу кишилер жана ЖМК өкүлдөрү гана катыша тургандыгы айтылууда.

Навальныйдын штабы борбор шаардагы калайыкка кайрылып, буга чейинки жарандык колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди жана шейшембиде Москва шаардык сотунун имаратынын жанына келип, саясатчыга кезектеги колдоо көрсөтүүгө чакырды.

Полиция көчөлөр таңкы саат 9:00дан тартып жабыла тургандыгын кабарлады.

2-февралдагы отурумда өлкөнүн Федералдык жаза аткаруу кызматынын өтүнүчүнө ылайык Навальныйдын кылмыштык жазасын шарттуу түрдө эмес, анык абакта өткөрүшү тууралуу маселе каралмакчы. 2014-жылы «Ив Роше» иши боюнча Навальныйды шарттуу жазага тартууга өкүм чыккан болчу.

Былтыр августта Томск шаарында ууландырылгандан кийин Берлинде дарыланып айыккан соң саламаттыгын Германияда чыңдап жаткан Навальныйга Орусиянын Федералдык жаза аткаруу кызматы 2020-жылдын 29-декабрында издөө жарыялаган.

Бул мекеме Навальныйга «атайын каттоодон өтүп туруу боюнча эрежени бузду» деген кине койгон. Навальныйга карата шарттуу жазанын сыноо мөөнөтү 30-декабрда аяктамак. Соттун өкүмүнүн өзү мыйзам бузуу менен кабыл алынган.

Навальный 2021-жылы 17-январда Берлинден Москвага кайтып келээр замат «Шереметьево» аба майданында кармалган.

23-январда жана 31-январда оппозициячыл саясатчы Навальныйды боштондукка чыгарууну талап кылып бүткүл Орусия боюнча ири нааразылык жыйындары өтүп, алар миңдеген демонстранттарды камакка алуу жана ур-токмок менен коштолду.

Дүйнө коомчулугу тынч жыйындарга чыккан жарандарга карата орус бийлигинин зомбулук мамилесин кескин айыптап чыкты. (TT)

XS
SM
MD
LG