Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:00

Батыш орус бийлигинин зомбулугун айыптады


А.Навальныйга боштондук талап кылгандардын жүрүшүндө. Санкт-Петербург. 31-январь, 2021-жыл.
А.Навальныйга боштондук талап кылгандардын жүрүшүндө. Санкт-Петербург. 31-январь, 2021-жыл.

Эл аралык коомчулук 31-январда конституциялык укуктарын пайдаланып, тынч жана эркин нааразылык жыйындарына чыккан миңдеген орусияык жарандарга зомбулук көрсөткөн орус бийлигинин аракеттерин кескин сынга алууда.

31-январдагы Орусиянын көптөгөн шаарларындагы тынч жыйындардын катышуучуларына аёосуз мамиле жасаган расмий Кремлди чечкиндүү сынга алгандардын бири - Кошмо Штаттар болду.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Орусияда бийликке каршы митингдердин күч алышына өлкөдөгү ички көйгөйлөр түрткү болгонун айтып, Вашингтондун ага эч кандай тиешеси жоктугун белгиледи.

«Орус өкмөтү биздин тиешебиз бар деп эсептесе, бул чоң жаңылыштык. Кеп алардын өзүндө, өкмөтүндө. Кеп орус элинин коррупцияга, автократияга нааразылыгы жөнүндө жүрүп жатат. Сырттан бирөөнү издебей, ички маселелерди карашсын», - деди Блинкен «NBC News» телеканалына маегинде.

Энтони Блинкен
Энтони Блинкен

Мындан тышкары Блинкен оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын кармалышы, нааразылык акцияларын күч менен басуу аракеттери боюнча Вашингтондун тынчсыздануусун белгилеп, Жо Байдендин администрациясы Орусияга каршы кошумча санкцияларды кабыл алууну караштырып жатканын кошумчалады.

Буга чейин да ал «Навальныйдын үнү - бул көпчүлүктүн, көпчүлүк орусиялыктардын үнү, бул үндү өчүрбөй, аны угуу керек», - деа айткан.

Күч кызматтары жүрүштүн катышуучуларын ур-токмокко алып, аларга каршы союл, электрошокер жана көздөн жаш агызчу газ колдонгону кабарланды
Күч кызматтары жүрүштүн катышуучуларын ур-токмокко алып, аларга каршы союл, электрошокер жана көздөн жаш агызчу газ колдонгону кабарланды

Расмий Кремль мындай билдирүүлөрдү «өлкөнүн ички ишине орой кийлигишүү» катары баалап келет.

23-январда өткөн биринчи массалык нааразылык жыйындарынын алдында АКШнын Москвадагы элчилигинин сайтына наарызылык жүрүштөр жөнүндө маалымат жарыяланганын Орусиянын Тышкы иштер министрлиги катуу сынга алып, митингдер үчүн Батышты күнөөлөгөн.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 31-январда массалык жүрүштөргө чыккандарды «ээнбаштар менен чагымчылдар» деп атап, Вашингтондун билдирүүлөрүнө кескин жооп берди.

«АКШнын өкүлдөрүнүн биздин өлкө, анда өткөн мыйзамсыз митингдер тууралуу айткандары боюнча мен дагы кайталайм, бул иште биз Американын айтканын угууга даяр эмеспиз. Андай кыла албайт экенбиз», - деди Песков.

Дмитрий Песков
Дмитрий Песков

Оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын кармалышын, орус бийлигинин тынч митингчилерге жана журналисттерге каршы колдонгон катаал тактикасын эл аралык укук коргоочу уюмдар менен бирге Европа Биримдиги да сындап келет.

Өткөн аптада Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери Брюсселде жолугуп, Навальныйдан улам Москвага каршы жаңы санкцияларды салуу маселесин талкуулашкан.

Жекшембиде Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррель акциялардын катышуучуларына каршы зомбулук менен журналисттерди камакка алуулар кайрадан кайталанганын өкүнүү менен баса белгилеген.

«Мен Орусияда жапырт камакка алуулар кайрадан бүгүн кайталанганын, демонстранттар менен журналисттерге каршы теңдешкис күч колдонулганын өкүнүү менен кабыл алам. Адамдардын куугунтуктан коркпой тынч жыйындарга катышуу укугун ишке ашырууга мүмкүнчүлүгү болушу керек. Орусия өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин аткарышы зарыл», - деп Боррель «Твиттерге» жазган.

Жозеп Боррель
Жозеп Боррель

Евробиримдиктин өкүлү бул жумада Москвада Навальный менен жолугушууга мүмкүндүк берүүнү талап кылууда. Оппозициячыл саясатчы бул кезде борбор шаардын «Матросская тишина» тергөө абагында кармалууда. 2-февралда Москва соту Федералдык Жаза аткаруу кызматынын доо арызы боюнча аны түрмөгө кесүү чарасын карайт.

Мындан тышкары Навальный Москвага кайтаар алдында ага каршы дагы бир кылмыш иши козголгон.

Навальныйды бошотууну талап кылгандардын 23-январдагы жапырт акцияларында Орусия боюнча төрт миңдей адам кармалса, 31-январда камакка алынгандардын саны беш миңден ашты. Бир нече ондогон орус шаарларында көчөгө чыккандарды күч түзүмдөрү буга чейин болуп көрбөгөндөй ур-токмокко алып, жаш балдар, улгайгандар менен катар окуяны чагылдырган журналисттер эч кандай суроо-сопкутсуз кармалышты.

«Журналисттер профсоюзу» бюросу менен «ОВД-Инфо» борбору соңку жүрүштөрдө 90дой журналист күч кызматтары тарабынан иш маалында кармалганын кабарлашты.

«Эл аралык мунапыс» (Amnesty International) уюму болсо «Кремль Орусияда адам укуктарына каршы согуш жарыялады», деп орус бийликтерин айыптады.

Москвадагы жүрүштөр маалында
Москвадагы жүрүштөр маалында

Ал эми Адам укуктары боюнча Европа соту Навальныйды ууландыруу ишин кароого алганын маалымдады.

Саясатчы былтыр августта Сибирдеги Томск шаарына ууландырылып, Берлинге ооруканага шашылыш жеткирилген. Германиялык адистер жана европалык бир нече лаборатория Навальный аскердик «Новичок» затына окшогон уу зат менен ууландырылганын аныкташкан.

Орусия Навальныйдын ыктымал ууландырылышы боюнча кылмыш ишин козгоодон жана муну териштирүүдөн баш тарткан.

Навальныйдын адвокаттары «саясатчынын Европанын Адам укуктары боюнча конвенциясында каралган жашоо укугу бузулган» деп эсептешет.

Жыл этегинде «Bellingcat» иликтөө тобу жана бир катар маалымат каражаттары саясатчыга кол салуунун артында орус атайын кызматы – ФКК турган деген тыянакка келишкен. Кремль бул дооматты четке кагууда.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG