Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:56

Европа соту Алексей Навальныйды ууландыруу ишин карайт


Адам укуктары боюнча Европа соту Орусиянын өкүлүн саясатчы Алексей Навальныйды ууландыруу ишин кароого алганын кабардар кылды. Бул тууралуу соттун сайтында айтылат.

Маалыматка караганда, Навальныйдын арызы былтыр августта саясатчы Омск ооруканасына жаткырылгандын эртеси берилген. Адвокаттары анын Европанын Адам укуктары боюнча конвенциясында каралган жашоо укугу бузулган деп эсептешет.

Страсбургдагы сот орус бийлигине ал укук бузулганбы, эң негизгиси ишти иликтөө милдеттенмеси аткарылганбы деген суроолорду узатканын «Агора» эл аралык укук коргоо тобунун жетекчиси Павел Чиков жазды.

Буга чейин Томск шаарынын соту тергөөчүлөрдүн Навальныйдын ыктымал ууландырылышы боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартышын мыйзамдуу деп тапкан.

Оппозиционер 20-августта Томскиден Москвага баратканда өзүн жаман сезип, учак Омскиге чукул конгон. Навальный жергиликтүү ооруканага жеткирилип, кийин Германиядагы клиникага которулган. Ал эсине 19 күндөн кийин гана келген. Орусиялык дарыгерлер ууландыруу версиясын жокко чыгарышкан. Ал эми германиялык адистер жана европалык бир нече лаборатория Навальный аскердик «Новичок» затына окшогон уу менен ууландырылганын аныкташкан. Батыш бул ишти иликтөөгө чакырып келатат.

Жыл этегинде «Bellingcat» иликтөө тобу жана бир катар маалымат каражаттары саясатчыга кол салуунун артында орус атайын кызматы – ФКК турган деген тыянакка келишкен. Кремль бул дооматты четке кагууда.

XS
SM
MD
LG