Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:12

Навальныйдын арызы сотто каралат


Римде орусиялык саясатчы Алексей Навальныйга арналган көчө сүрөтү, январь, 2021-жыл
Римде орусиялык саясатчы Алексей Навальныйга арналган көчө сүрөтү, январь, 2021-жыл

Москва облустук соту Навальныйдын апелляциялык арызын карайт.  

Москва облустук соту оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды 30 күнгө камакка алган Химки шаардык соттун чечимине каршы апелляциялык арызды 28-январда карамай болду.

«Кечээ күтүүсүздөн «сот адилеттигинин» шуруптары иштей баштады. Документтерди толтурушуп, бүгүн адвокаттарга апелляциялык арыз 28-январда караларын эскертишти. Такыр күтүүсүз» деп жазды «Твиттерде» Коррупцияга каршы фонддун өкүлү Леонид Волков.

Навальныйдын тарапташтары муну «кийинки митингдерге элдин жапырт чыгышын алдын алуу үчүн уюшулган аракет» катары баалашты.

Саясатчынын адвокаттары 18-январда Химкидеги полиция бөлүмүндө өткөн сот чечимине каршы Москва облустук сотуна доо арыз менен кайрылышкан. Алар анда Навальный кармалгандан кийин ага кире алышпаганын, сот жараяны полиция бөлүмүндө шашылыш уюштурулуп, соттун башталарына саналуу мүнөттөр калганда гана кабардар болушканын белгилешкен.

Навальный өзү бул соттук жараянды «мыйзамсыздыктын туу чокусу» деп сындаган болчу.

Декабрдын соңунда Орусиянын Жаза аткаруу боюнча федералдык кызматы Навальный «Ив Роше» компаниясынын ишине байланыштуу «шарттуу сот жазасынын эрежелерин сактаган жок» деп, мурунку жазаны түрмөгө алмаштырууну суранып, Москвадагы Симоновский райондук сотуна доо арыз менен кайрылган.

Берлинден кайткан Навальный дал ушул доо арызга байланыштуу камакта, бул иш боюнча сот отуруму 2-февралда өтөт.

Оппозициячынын санаалаштары соңку окуяларды - «бийликтин Навальныйды өмүрү өткүчө абакта калтыруу» аракети катары баалап, ал эркиндикке чыкмайынча тынымсыз күрөш уланарын жарыялашкан. Кийинки жапырт митингдер 31-январга дайындалган.

23-январда митингдер Орусиянын 122 шаарында жана чет жакта ондогон жерде өтүп, бейрасмий эсеп менен жалпысынан 300 миңдей адам катышты. 3 жарым миңдей адам камалып, жүздөгөн жаран ар кандай негизде кылмыш жазасына тартылууда.

Эл аралык коомчулук Алексей Навальныйдын Москвада кармалышын жана тынчтык митингдеринде миңдеген адамдардын камакка алынышын катуу сындап, орус бийлигинен саясатчыны эркиндикке чыгарууну талап кылып жатышат.

«Чек арасыз кабарчылар» уюму Европа биримдигин Орусияда соңку акцияларда «50дөй журналисттин кармалганына» байланыштуу орус аткаминерлерине санкция киргизүүгө чакырды. Билдирүүдө митингдерди чагылдырган кабарчылар «болуп көрбөгөндөй куугунтукка» кабылганы белгиленет.

«Полиция айрым медиа каражаттарын атайылап куугунтуктап, кээ бир журналисттер тартып алган видеолорду өчүрүш үчүн жеке батирлерге чейин кирип барды», - деди «Чек арасыз кабарчылар» уюмунун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча бөлүм жетекчиси Жеан Кавелье.

Ал орус бийлигин «сөз эркиндигине болуп көрбөгөндөй тоскоолдук кылууну» токтотууга чакырды.

Дмитрий Песков
Дмитрий Песков

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков орус бийлиги «митингге чыккандар менен эч кандай диалог түзбөстүгүн» айтты.

«Мыйзамсыз каршылык акциясына чыккандар, башаламандыкка катышкандар жана тартип сакчыларына кол салгандар, бул оор мыйзам бузуу экенин түшүнүшү керек. Мындай аракеттер үчүн мыйзам чегинде жооп берүү керек. Алар менен эч кандай сүйлөшүүлөр жүргүзүлбөйт» деди Песков.

Ал эми Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев «Аргументы и факты» басылмасындагы маегинде Орусияда Навальныйга каршы ири өлчөмдөгү каражат уурдоо боюнча бир нече кылмыш иштери бар экенин белгилеп, «орус жараны Орусиянын мыйзамдарына ылайык жооп бериши керек» деген.

Шейшембиде кечке маал АКШнын президенти Жо Байден менен Орусиянын президенти Владмир Путин телефон аркылуу сүйлөшүп, Байден орус бийлигинин аракеттери жана Навальныйдын камалышы боюнча тынчсыздануусун билдиргени маалым болду.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG