Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:01

Навальный пикирдештерин нааразылык жыйындарга чакырды


Алексей Навальный, 18-январь 2021-жыл
Алексей Навальный, 18-январь 2021-жыл

Орусия бийликтери оппозициячыл лидер А.Навальныйды бир айга камакка алып жаткан чакта, ал өз пикирдештерин нааразылык жыйындарга чыгууга үндөдү. Жер-жерлерде анын бир катар тарапташтары кармалгандыгы, негизги нааразылык жыйындары 23-январга белгиленгендиги кабардалууда.

Жаза аткаруу боюнча федералдык кызматтын кайрылуусу менен 30 күнгө камакка алынган оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный тарапташтарын нааразылык жыйындарга чыгууга чакырды.

«Коркпогула, көчөгө чыккыла. Мен үчүн чыкпагыла, өзүңөр үчүн, келечегиңер үчүн чыккыла», - деди ал бөгөт чарасын жарыялагандан кийин.

Сот иши саясатчы аэропортто кармалгандан кийин жеткирилген Химки шаарындагы полиция бөлүмүндө шашылыш уюштурулду. Сот иши ачык өтөт деп жарыяланган менен Навальныйдын коронавируска тест тапшырбаганы негиз кылынып, журналисттердин имаратка киришине тыюу салынды. Навальный кармалгандан бери ага кире албай жаткан адвокаттары соттун башталаарына саналуу мүнөттөр калганда гана кабардар болушканын белгилешти.

Саясатчы өзү бул соттук жараянды «мыйзамсыздыктын туу чокусу» деп сындады.

«Мен сот адилеттиги мазакталган учурларды көп эле жолу көргөм. Бирок, бул ирет бункердеги абышка ушунчалык корккону ачык көрүнөт. Кылмыш-жаза кодексин көз көрүнөө тытып туруп, ыргытып жиберишти», - деди Навальный.

Ал арада полиция бөлүмүнө эки жүздөй адам топтолуп, Навальныйдын тарапташтары «боштондук», «коё бер» деп кыйкырып турушту.

Навальный 15-февралга чейин камакта калтырылган маалым болгондон кийин анын штабынын өкүлдөрү Орусиянын бардык аймактарында 23-январда нааразылык митингдер уюштурулаарын кабарлашты.

Ал эми соттун бөгөт чарасына нааразы болуп, Москва жана Санкт-Петербург шаарларында стихиялуу нааразылык жыйындарга чыккан ондогон активисттер дароо күч кызматтары тарабынан камакка алынды.

Санкт-Петербургда Навальныйдын камакта калтырылышына нааразы болгондорду кармоо маалы. 18-январь, 2021-жыл.
Санкт-Петербургда Навальныйдын камакта калтырылышына нааразы болгондорду кармоо маалы. 18-январь, 2021-жыл.

17-январда кечке маал Германиянын борбору Берлинден Москвага кайтып келген Навальный «Шереметьево» аба майданына коноору менен кармалган.

Орусиянын Жаза аткаруу боюнча федералдык кызматы Навальный «Ив Роше» компаниясынын ишине байланыштуу шарттуу сот жазасын эми нагыз абактык жазага алмаштыруу боюнча доо арыздын негизинде кармалганын ырастаган.

Саясатчынын кармалышын бир катар Батыш өлкөлөрү кескин сынга алып, орус бийлигин аны тез арада бошотууга чакырышууда.

Ал эми Кремлден Навальныйдын камакка алынышы боюнча бир гана Тышкы иштер министри Сергей Лавров үн катты.

«Кантип сүйүнүп, окшош пикирлерин жарыялап жаткандары көрүнүп турат. Кубанып атышат, анткени бул - Батыштын саясатчыларына алар кубаттаган өнүгүүнүн либералдык модели азыр кандай оор кризиске батып турганынан элди алаксытууга мүмкүндүк берип жатат», - деди Лавров.

АКШнын, Германиянын, Улуу Британиянын, Европа Биримдигинин, Канаданын бийлик өкүлдөрү, бир нече эл аралык уюм Алексей Навальныйдын кармалышын сынга алышты. Балтика боюндагы Эстония, Литва жана Латвия биргелешкен билдирүү таратып, акыркы окуяга байланыштуу орус бийлигине карата чектөөлөрдү киргизүүгө башка өнөктөштөрүн үндөдү.

«Эл аралык мунапыс» укук коргоо уюму Навальныйды «абийир туткуну» деп атаса, Бириккен Улуттар Уюму саясатчыны тез арада бошотууну талап кылып, «анын адилет сотко укугун сыйлоого» чакырды.


Ал эми Орусиядагы «Мемориал» укук коргоо борбору 17-январда Навальныйды тосууга «Внуково» аэропортуна чогулган кишилердин камакка алышын айыптап, Навальныйга байланыштуу болуп жаткан окуяларды «саясий мүнөздөгү зомбулук жана катаал жазалоо» деп баалады.

Орусиянын аймактарында Навальныйды колдоп жеке пикетке чыккандардын бири. Ижевск шаары, Удмуртия. 18-январь, 2021-жыл.
Орусиянын аймактарында Навальныйды колдоп жеке пикетке чыккандардын бири. Ижевск шаары, Удмуртия. 18-январь, 2021-жыл.

Ошол эле кезде айрым орусиялык саясат таануучулардын арасында «бийлик Навальныйга каршы аракеттери менен бир жылда оппозициячынын тарапташтарын көбөйтүп, анын саясий кадыр-баркын көтөрүп койду», деп эсептегендер бар.

«Күчтүү, эркекче кадамдарга барган, кооптуу Навальный чыга келди. Кандай болбосун, орусиялык коомчулуктун алдында ал өзүнүн жакшы же кем жактары менен номур экинчи болуп калды. Азыр Путинге каршы мынчалык деңгээлде чыккан ким бар? Навальныйды жакшы көрбөй койсоңор да болот, сүйсөңөр да баары бир. Мисалы, ал - Зюганов эмес. Азыртадан эле экөөнүн рейтинги бирдей болуп калды. Зюгановдун артында килейген партиялык структура, Кремлдин колдоосу, жүз жылдык партиялык тажрыйба, Советтер Союзундагы популярдуулук бар. Навальныйдын артында мунун бири жок. Ал жеке харизмасы, чечкиндүүлүгү жана саясий таланттуулугу менен гана алдыда баратат», - дейт саясат талдоочу Дмитрий Орешкин.

Химкидеги соттон кийин Навальныйдын Федералдык коопсуздук кызматы көзөмөл салган Москвадагы«Матросская тишина» түрмөсүнө которулганын анын өмүрүнө коркунуч, «өмүрү өткүчө өкүм» катары кабыл алгандар бар.

Январдын соңунда Москвадагы Симоновский райондук соту Навальныйга карата «Ив Роше» иши боюнча Орусиянын Федералдык Жаза аткаруу кызматынын доо арызын карайт. Жаза кызматы жаза мөөнөтү былтыр 30-декабрда аяктаган иште Навальныйга шарттуу сот жазасын чыныгы абактык жазага алмаштырууну көздөп жатат.

Мындан тышкары 29-декабрда Тергөө комитети Навальный өзгөчө ири суммада көз боёмочулук кылган деген шек менен дагы бир кылмыш ишин козгогон.

Анда саясатчыга Коррупцияга каршы аракеттенүү фондуна которулган 356 миллион рублди өз пайдасына короткон деген айып тагылган. Бул берене боюнча Орусияда 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралат. Бул айыптардын бардыгын Навальный жана анын жактоочулары негизсиз деп четке кагышкан.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG