Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:49

Улуттук банк 45,7 миллион доллар сатты


Улуттук банк.
Улуттук банк.

Улуттук банк 28-январда финансылык рынокко 45 миллион 700 миң долларды сатыкка чыгарды.

Бул өлкөнүн башкы банкынын 2021-жылдагы биринчи жана он айдан бери эң көп суммадагы интервенциясы болуп калды. Интервенция доллардын курсун кармап туруу үчүн жасалат. Учурда акча алмаштыруучу жайларда доллар 84,9 сомдун тегерегинде болуп жатат. Улуттук банктын расмий сайтында доллардын курсу 84,8 сом деп турат. 2020-жылы башкы каржы көзөмөл мекемеси 518,5 млн. доллар саткан.

2016-жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде сакталып келген доллар 2020-жылдын март айында 85 сомго жетип, кийин кайра арзандай баштаган. (TSh)

XS
SM
MD
LG