Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:21

Өкмөт: турак жайдын 65% өрт коопсуздугунун чараларын сактабай курулууда


Бишкектеги курулуштардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектеги курулуштардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Максат Мамытканов өрт коопсуздугун сактоо чаралары боюнча кеңешмеде өлкөдөгү турак жай курулуштарынын 65% ашууну өрт коопсуздугуна байланыштуу эрежелерди сактабай салынып жатканын билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Мамытканов бул үчүн Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын калкты маалымдоо ишин сынга алды.

“Бардык нускамалар эскирген, аларды эч ким окубайт. Аларды электрондук вариантка өткөрүп, тарткатууда заманбап каражаттарды, анын ичинде уюлдук тиркемелерди пайдалануу зарыл. Адамдар коопсуз үйдү кантип курууну, жалын тутанган кезде өрт өчүрүүчүлөр келгенге чейин кандай аракет кылууну билиши керек”, - деди Мамытканов.

Жыйынга Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясы катышты.

Расмий маалыматка ылайык, 2020-жылы 11 ай ичинде республика аймагында 2425 өрт кырсыгы катталган. Тилсиз жоонун чыгымы 4 млрд. 779 млн. 511 миң сомду түзгөн.

XS
SM
MD
LG