Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:53

Жактоочу: Азимжан Аскаровдун өлүмү боюнча иликтөө аяктай элек


Маркум Азимжан Аскаров.
Маркум Азимжан Аскаров.

Абакта каза болгон укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өлүмү боюнча Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) иликтөөсү аяктай элек.

Бул тууралуу укук коргоочунун адвокаты Валерьян Вахитов “Азаттык” радиосуна кабарлады.

Вахитов тергөөнүн купуялыгы жөнүндө тилкат жазып бергендиктен иликтөөнүн чоо-жайын айта албай турганын билдирди.

2010-жылдагы июнь коогасында жапырт башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө катышкан деп айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган 69 жаштагы Азимжан Аскаров 2020-жылы 25-июлда түрмөдө пневмония оорусунан каза болгон.

Валерьян Вахитов укук коргоочу көз жумгандан кийин анын өлүмүн иликтөө өтүнүчү менен Башкы прокуратурага арыз жолдогон. Башкы көзөмөл орган тергөө ишин ЖАМКга өткөрүп берген.

Аскаровдун сөөгү 31-июлда Өзбекстандын Ташкент облусунун Янгибазар айылында жерге берилген. Кыргызстандын укук коргоо органдары башынан бери эле Аскаровдун күнөөсү далилденбегенин айтып келет.

Укук коргоочу көзү тирүү кезинде бир нече жолу кайрылуу таратып, айыбы жок экенин билдирген болчу.

Өткөн жылы 27-июлда Евробиримдик абакта каза болгон кыргызстандык укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өлүмүнүн чоо-жайын иликтөөгө чакырган. Евробиримдиктин Тышкы байланыштар боюнча Европа кеңешинин билдирүүсүндө Азимжан Аскаровду бошотуу тууралуу көптөгөн чакырыктарга карабай анын абакта каза болушу өкүнүчтүү экени айтылган. (TSh)

XS
SM
MD
LG