Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:42

УКМК: президенттик аппараттын маалымат кызматынын башчысы кармалды


УКМК тараткан сүрөт, 30-январь, 2021-жыл.
УКМК тараткан сүрөт, 30-январь, 2021-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) президенттин аппаратынын маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы (А.Н.С.) ири суммадагы пара талап кылууга шектелип кармалганын кабарлады.

“А.Н.С. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, материалдык жактан баюу үчүн мамлекеттик кызматтын жетекчилигине талапкерлердин биринен маселесин оң жагына чечип берүү үчүн ири суммадагы каражат талап кылган” деп айтылат УКМК тараткан маалыматта.

Маалыматка караганда факт Жазык кодексинин 326-беренеси (“Пара талап кылуу”) боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки тергөө башталды. Шектүү 30-январда кармалып, атайын кызматка жеткирилди.

Президенттин маалымат саясаты бөлүмүн учурда журналист Анаркулов Нургазы жетектеп жаткан. Ал бул кызматка 5-6-октябрдагы элдик толкундоолордон кийинки бийлик алмашууда дайындалган.

Президенттик аппарат жана кылмышка шектүүнүн жакындары УКМКнын аракетине комментарий бере элек. (TSh)

XS
SM
MD
LG