Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:27

Садыр Жапаров анын атын сатып, маселе чечкиси келгендерге эскертүү берди


Садыр Жапаров. Шайлоодогу үгүт маалында тартылган сүрөт.
Садыр Жапаров. Шайлоодогу үгүт маалында тартылган сүрөт.

Президент Садыр Жапаров өзү менен бирге түшкөн сүрөтүн көрсөтүп, маселесин чечтирип алгысы келгендерге алданбоого жана бул тууралуу атайын органдарга кабар берүүгө чакырды.

Жапаров бул тууралуу “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.

Мамлекет башчы 6-октябрдан бери миңдеген жарандар менен сүрөткө түшкөнүн айтып, алардын көпчүлүгүн тааныбай турганын билдирген.

“Айтайын дегеним, мени менен түшкөн сүрөтүн көрсөтүп, кызмат орундарын же башка бир маселесин чечүү максатында колдонуп жүргөндөрдүн бети ачылып жатат”, - деп жазды Жапаров.

Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) президенттин аппаратынын маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы (А.Н.С.) ири суммадагы пара талап кылууга шек саналып кармалганын кабарлаган.

Президенттик аппарат жана кылмышка шектүүнүн жакындары УКМКнын аракети тууралуу комментарий бере элек.

Буга чейин Садыр Жапаровду колдоп жүргөн жарандык активист Мелис Аспеков кармалып, камакка алынган.

УКМК ал «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен кармалганын, Жазык кодексинин «Опузалап талап кылуу» беренесинин негизинде кылмышка байланыштуу шек саналып жатканын кабарлаган. (TSh)

XS
SM
MD
LG