Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:24

Кыргызстан БУУ жыйынында тоо экосистемасы жөнүндө сөз сүйлөдү


БУУдагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева уюмдун жыйынында сөз сүйлөдү. 28-январь, 2021-жыл.
БУУдагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева уюмдун жыйынында сөз сүйлөдү. 28-январь, 2021-жыл.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриштин 28-январда уюмдун 2021-жылдагы артыкчылыктуу багыттарын айтып берген брифингде Кыргызстандын туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева 25 мамлекет мүчө болгон Тоолуу өлкөлөр тобунун атынан сөз сүйлөдү.

Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева өз сөзүндө коронавирус пандемиясында экосистеманы коргоо жана тоолуу өлкөлөр дуушар болгон көйгөйлөргө көңүл бурууга чакырды. Кыргызстан уюмдун баш катчысы Антониу Гутерриштин экология жана Тоолуу өлкөлөр тобунун кызматташтыгын арттыруудагы иш-чараларын колдоого даяр экенин билдирди. (TSh)

XS
SM
MD
LG