Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:06

COVID-19: 76 кишиден жаңы аныкталып, эки бейтап каза болду


Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 29-январдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен эки адам каза тапты. 76 кишиге вирус жукканы маалым болду.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1411 кишиге жетти.

Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 84 453 адам болду. Андан айыгып чыккандардын саны 80 781.

Стационарда 598 бейтап дарыланууда, алардын ичинен 179 адам оор абалда, 27 киши өтө оор абалда жатат. 732 адам амбулатордук дарыланууда.

30-январда эки медицина кызматкерине коронавирус жуккан.

Пандемия башталгандан бери илдетти жугузуп алган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4173 киши болду, алардын ичинен 4088и айыгып чыкты. Каза болгон медкызматкерлердин саны 90дон ашты. (TSh)

XS
SM
MD
LG