Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:29

Өкмөт коронавирустун үчүнчү толкуну болушу мүмкүн экенин эскертти


Бишкек. Архив.
Бишкек. Архив.

Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Эльвира Сурабалдиева COVID-19 илдети боюнча илимий-консультативдик кеңештин мүчөлөрү менен жыйын өткөрүп, илдеттин жайылышынын ыктымалдуу үчүнчү толкунуна даярдыктарды талкуулашты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Кеңешмеде бейтапканаларда кошумча орундарды камдоо, медицина кызматкерлерине COVID-19ду алдын алуу, дарылоону үйрөтүү жана кайрадан окутуу, дары-дармектерди, медициналык аспаптарды даярдоо тууралуу сүйлөшүштү.

COVID-19 илдети боюнча илимий-консультативдик кеңеш - коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө боюнча консультативдик, илимий-аналитикалык жана методологиялык көмөк көрсөтүү максатында түзүлгөн. Анын курамына Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги, эксперттер, эпидемиолог адистер кирет.

30-январдагы маалыматка ылайык, пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 84 453 адам болду. Андан айыгып чыккандардын саны - 80 781. Стационарда 598 бейтап дарыланууда, алардын ичинен 179 адам оор абалда, 27 киши өтө оор абалда жатат. 732 адам амбулатордук дарыланууда. Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1411 кишиге жетти. (TSh)

XS
SM
MD
LG