Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:28

Стамалиева: Жээнбеков умрага кетти, Бишкекке он күндөн кийин кайтып келет


Сооронбай Жээнбеков. Архивдик сүрөт.
Сооронбай Жээнбеков. Архивдик сүрөт.

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков Сауд Арабиясына умрага жөнөп кетти. Бул маалыматты 2-февралда «Азаттык» радиосуна экс-президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева тастыктады.

Жээнбеков жубайы менен Бишкектен Түркиянын Стамбул шаарына учту, андан ары ал Сауд Арабиясынын Жидда шаарына барат.

Сауд Арабиясынын падышасынын чакыруусу боюнча уюштурулган бул сапар 2020-жылдын ноябрынан бери пландалып келе жатканы, пандемияга байланыштуу зыяратчыларга чектөө коюлуп келгени айтылды. Жээнбековдун умра сапары 10 күн уланып, ал кайра Бишкекке кайтып келери кабарланууда.

Жээнбеков экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин ишине байланыштуу Бишкек шаардык сотуна 3-февралга чакырылган.

2017-жылы алты жылдык мөөнөткө президент болуп шайланган Сооронбай Жээнбеков 2020-жылы парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда кызматын тапшырып берген.(RK)

XS
SM
MD
LG