Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:09

Конституциянын жаңы долбоору парламентке жиберилди


Кыргызстандын Конституциясы.
Кыргызстандын Конституциясы.

Президенттин ыйгарым укуктары кеңейтилип жазылган Баш мыйзамдын жаңы долбоору 2-февралда Жогорку Кеңешке жиберилди.

Бул тууралуу «Азаттыкка» Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев билдирди. Анын айтымында, эки айдан ашуун иштеген кеңешме ишин аяктады.

Аталган кеңешме Баш мыйзамдын жаңы долбоорун 27-январда кабыл алган.

Анда президенттин ыйгарым укуктары бир топ кеңейтилген. Президент аткаруу бийлигин жетектейт, министрлер кабинетинин курамын жана түзүмүн аныктайт, президенттин администрациясын, Коопсуздук кеңешин түзөт жана башкарат. Мындан тышкары башкы прокурорду, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасын, Жогорку соттун, Конституциялык соттун жетекчилерин, судьяларды дайындайт. Өзүнүн демилгеси менен референдум жарыялай алат. Мыйзам чыгаруу укугуна да ээ.

Былтыр 17-ноябрда Жогорку Кеңеш Баш мыйзамдын жаңы долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Аны талкуулаш үчүн 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүлгөн болчу. (NT)

XS
SM
MD
LG