Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:49

COVID-19: Кыргызстан «AstraZeneca» вакцинасын тандады, алгачкы 504 миң доза мартта келет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина март айынын башында келет. Бул тууралуу 2-февралда Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Алымкадыр Бейшеналиев билдирди:

«Биз COVAX программасына кирип, кечээ күнү кайсы вакцина келерин тактап алдык. «AstraZeneca» деген вакцина марттын башында 504 миң доза келе турган болду».

Бейшеналиевдин айтымында, Кыргызстанда коронавирустун экинчи толкуну октябрь-декабрь айларында болду. Азыр кыргыз өкмөтү бул вирустун жаңы штаммына каршы турууга аракет кылып жатат.

Глобалдык COVAX альянсынын алкагында коронавируска каршы күрөш үчүн «Pfizer/BioNTech» вакцинасы Кыргызстанга акысыз сунушталган. Бирок кыргыз өкмөтү аны -70 градус температурада cактай турган муздаткыч жок экенин билдирген.

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы 2020-жылдын март айында башталган. 2-февралга карата бул илдет дээрлик 85 миң адамга жукту, алардын 1,5 миңдейи каза болду.

«AstraZeneca plc» - Британияда жайгашкан фармацевтикалык биргелешкен компания. (RK)

XS
SM
MD
LG