Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:09

Садыр Жапаров кадрдык дайындоолор боюнча билдирүү таратты


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-февралда «Фейсбуктагы» жеке баракчасы аркылуу кадр маселеси боюнча билдирүү таратты.

Ал революция «өлкө оңолсун, мамлекеттик башкаруу иретке салынсын, казынадан уурдагандар токтосун, ашыкча кызматтар жоюлсун» деп жасалганын белгилеп, «мен революция жасагам, ошол үчүн ушул кызматта өмүр бою отурушум керек, жоюлбасын» деген түшүнүктөн алыс болууга чакырды.

Ошону менен катар Жапаров акаевчи, бакиевчи, атамбаевчи же жээнбековчу дегенди токтотуш керек экенин айтып, «минтип отурсак өлкөбүздүн ичинен бир да татыктуу кадр таппайбыз, башка планетадан издешибиз керек болот» деди.

Президент мурда аны камоого салым кошкондор кызматка дайындалып жатканы тууралуу сөздөргө «азыр биз касташа же туугандаша турган мезгил эмес» деп жооп берип, «ар бир министрликке мурдагыдай тааныш-билишти эмес, ошол министрликтин адисин алып бара жатабыз» деп белгиледи.

Жапаров Кыргызстанда азыр 48 министрлик, комитет, агенттик жана башка мекеме бар экенин жазып, аларды «элге кылган кызматы же пайдасы жок, казынадан миллиарддарды жеп отурушат» деп мүнөздөдү. Ал баары кыскарып, 12 министрлик калып, бир эле энергетика системасынан 2 миллиард сом үнөмдөлүп жатканын билдирди.

Бүгүн Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети премьер-министрлик кызматка Улукбек Мариповдун талапкерлигин, жаңы өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын талкуулап жатат. Марипов өкмөттүн курамына 16 талапкерди сунуш кылды. Талапкерлердин сегизи жаңы сунушталууда, калган сегизи өкмөттүн курамында мурда иштеп келгендер.

Кыргызстанда 2020-жылы 4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоодон кийин бийлик алмашкан. Премьер-министрлик кызматты аткарып турганда Жапаров мамлекеттик кызматтардагы ошол кездеги дайындоолор өлкөдөгү саясий күчтөрдүн сунуштарын эске алуу менен жүргүзүлгөнүн жана 2-3 айдан кийин ал орундардын баарына сынак аркылуу тандоо уюштуруларын 29-октябрда өкмөттүк жыйында билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG