Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Август, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 20:10

Аманбаев: 48 мамлекеттик органдын саны 16га кыскартылды


Бакыт Аманбаев.

Кыргыз өкмөтү мамлекеттик кызматкерлердин штатын кыскартып, алардын ишин оптималдаштыруу ишин жыйынтыктап президентке жиберди.

Бул тууралуу мамлекеттик органдардын тутумун реформалаш үчүн сунуштарды иштеп чыгуу боюнча мекеме аралык комиссиянын жетекчиси, өкмөттүн аппарат башчысы Бакыт Аманбаев 1-февралда «Азаттык» радиосунун «Арай көз чарай» берүүсүндө айтты:

«Анын негизинде Кыргызстандагы 48 мамлекеттик органдын саны 16га кыскартылды. Жаңы регламент, жоболор иштелип чыкты. Жаңы өкмөт ошол жаңы түзүмдүн, эреженин негизинде иш алып барыш керек».

Аманбаевдин сөзүнө караганда, чакан өкмөт куралат жана мурдагыдай ар бир тармакты тейлеген вице-премьер-министрлер болбойт. Мамлекеттик агенттиктер, комитеттер менен фонддор министрликтердин алдына тармактары боюнча кошулду.

Аманбаев былтыр ноябрь айында Кыргызстанда 28 миң мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер бар экенин билдирген. Бул өлкөнүн ар бир 447-жараны аткаминер дегенди түшүндүрөт. Алардын айлык акысына 48 миллиард сом жумшалат. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (12)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG