Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:15

Жээнбековдун адвокаты: Экс-президент сотко барууга милдеттүү эмес


Экс-президент Сооронбай Жээнбеков. Архивдик сүрөт.
Экс-президент Сооронбай Жээнбеков. Архивдик сүрөт.

Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун адвокаты ал мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин иши боюнча сотко барууга милдеттүү эмес деп эсептейт. 29-январда адвокат Жыргалбек Бабаев маалымат таратып, Зилалиев өз ишине саясий өңүт берүүгө аракет кылып жатканын билдирди:

«Жээнбековдун бул ишке эч тиешеси жок, фигурант да эмес, күбө да эмес. Ошондуктан сотко барууга да милдеттүү эмес. Экс-президент деген статусун айтпаганда да сотко барууга эч бир жүйө жок. Биз расмий билдиребиз – Зилалиевдин «банктан алынган акча Жээнбековдун шайлоо өнөктүгүнө камдалып, анын өзүнө тапшырылган» дегени - курулай жалаа, ишке саясий боёк берүүгө жасаган далалаты. Зилалиев сейфтик кутуча ачып, бул банктын кызматынан 2011-жылдан бери пайдаланып келген. Кутучаны 2016-жылы июлда бир жылга ачкан. 2017-жылы июлда мөөнөтү аяктап, аны улантуу же жабуу керек болгон. Эгер кардар өзүнүн буюмуна келбесе, банк кутучаны жабат. Банк комиссия түзүп, кутучаны ачкан, ал видеого тартылган. Эки жумадан кийин Зилалиев кутучадагы акчаны алып кеткен».

Жээнбеков Кыргызстандын президенти болуп 2017-жылы 15-октябрда алты жылга шайланып, 2020-жылдын 15-октябрында мөөнөтүнөн мурда кызматтан кеткен. Буга парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык себеп болгон. Президенттике чейин, 2016-жылдын 13-апрелинен бери премьер-министр болуп иштеген. Зилалиев ошол учурда вице-премьер болчу.

Жээнбеков Зилалиевдин иши боюнча сотко чакырылганын, ишти карап жаткан Бишкек шаардык сотунда ушундай чечим кабыл алынганын 29-январда «Азаттыкка» Зилалиевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунова билдирген:

«Зилалиев кармалганда «Оптима банктын» кутучасынан миллион доллар табылганы тууралуу видео тарап, элдин аң-сезиминде сакталып калган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекет комитет (УКМК) тергөө жүргүзүп жатканда эле Зилалиев «миллион доллар меники эмес, ошол кездеги президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо өнөктүгүнүн акчасы болчу» деп айткан. Бирок Жээнбеков президент болуп тургандыктан, аны эч ким суракка алган эмес».

Жээнбеков суракка 3-февралга чакырылганын «Азаттык» радиосуна шаардык соттун басма сөз кызматы маалымдады.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2020-жылдын 5-октябрындагы өкүмү менен Зилалиев «Мыйзамсыз баюу» деген берене боюнча жети жылга эркинен ажыратылган. Буга чейинки жазаны жарым-жартылай кошуу менен анын абак мөөнөтү жалпысынан тогуз жыл деп чегерилген. Жактоочулардын апелляциялык арызы боюнча бул ишти азыр шаардык сот карап жатат.

Башкы прокуратура Зилалиевге 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты ээлеп турганда өзү иштеп тапкан каражаттан ашык суммага мүлк сатып алган деген жүйө менен «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон.

Ал 2018-жылдын 8-декабрында камакка алынып, азыр УКМКнын тергөө абагында кармалып турат.

2018-жылдын 18-октябрында Зилалиев дагы бир иш боюнча шарттуу түрдө үч жылга эркинен ажыратылган болчу. Анда Зилалиевге карата Жазык кодексинин «Террорчулук жөнүндө атайылап жалган маалымат таратуу» беренесинин негизинде иш козголгон.

Зилалиев айыптарды четке кагып, мыйзамсыз камалганын айтып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG