Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:22

Зилалиев жалпысынан тогуз жылга эркинен ажыратылды


Дүйшөнбек Зилалиев. Архивдик сүрөт.
Дүйшөнбек Зилалиев. Архивдик сүрөт.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 5-октябрдагы өкүмү менен мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев «Мыйзамсыз баюу» деген берене боюнча жети жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Буга чейинки жазаны жарым-жартылай кошуу менен Зилалиевдин абак мөөнөтү жалпысынан тогуз жыл деп чегерилди. Мындан тышкары, ал үч жылга чейин мамлекеттик кызматта иштөөгө укугу жок болот.

Башкы прокуратура Зилалиевге 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты ээлеп турганда өзү иштеп тапкан каражаттан ашык суммага мүлк сатып алган деген жүйө менен «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон.

Ал 2018-жылдын 8-декабрында камакка алынып, азыр УКМКнын тергөө абагында кармалып турат.

2018-жылдын 18-октябрында Зилалиев дагы бир иш боюнча шарттуу түрдө үч жылга эркинен ажыратылган болчу. Анда Зилалиевге карата Жазык кодексинин «Террорчулук жөнүндө атайылап жалган маалымат таратуу» беренесинин негизинде иш козголгон.

Зилалиев айыптарды четке кагып, мыйзамсыз түрдө камалганын айтып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG