Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:49

Зулушев: Прокуратура Дача-СУ каргашасы сыяктуу иштерди аягына чыгаргысы келет


Дача-СУдагы апааттын курмандыктарына арналган эстелик.
Дача-СУдагы апааттын курмандыктарына арналган эстелик.

Кыргызстандын Баш прокурору Курманкул Зулушев азыркы учурда жүрүп жаткан конституциялык реформанын алкагында прокуратурага тергөө укугу бериле турган болсо, анда Дача-СУ каргашасы, Түштүк-Түндүк атаандаш автоунаа жолу, Ысык-Көлдөгү ат майдан, Датка-Кемин электр чубалгысы жана башка он чакты тергөөсү аяктабаган жазык иштери жыйынтыктала тургандыгын билдирди.

Ал конституциялык реформанын жыйынтыгы менен прокуратура тергөөнү жүргүзүүгө укук алат деген ишеничин да кошумчалады. Баш прокурор бул тууралуу 5-февралда маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.


Бул маалымат жыйындын алдында Башкы прокуратуранын коллегиясынын отуруму өтүп, анда 2020-жылда аткарылган иштердин жыйынтыгы талкууланган.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, «Республика – Ата Журт» фракциясынын мүчөсү болгон Курманкул Зулушев былтыр октябрда элдик толкундоолордун натыйжасында бийлик алмашкандан кийин башкы прокурор болуп дайындалган. Ал кызматка келгенден кийин аталган органдын жетекчилик курамы да алмашкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG