Ушул күндөрү айыпталуучулардын акыркылары жарыш сөзүн айтып жатат. Буга чейин сөз сүйлөгөндөр коюлган айыптарды толугу менен четке кагып, соттон актоо өкүмүн чыгарууну суранышты.
Жактоочулар мындан тышкары бул иште эң маанилүү деген күбөлөр суралбай калганын айтып судьяны сынга алышууда. Ал эми мамлекеттик айыптоочу тарап соттук териштирүүдө прокурорлордун да адвокаттардын да күбөлөрү толук суралды деп эсептейт.
ЖЭБди модернизациялоо боюнча 4-декабрдагы соттук отурумда «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев жана анын жактоочулары жарыш сөзүн сүйлөштү.
Калиев көбүнчө Жылуулук электр борборун оңдоп-түзөө боюнча Кытайдын ТВЕА компаниясы менен түзүлгөн келишим жана анын шарттары тууралуу айтып берди.
Анын сотто сүйлөгөн сөзүнө караганда, ЖЭБди модернизациялоого сунушталган компаниялардын ичинен финансылык жана башка талаптары жагынан ТВЕА эң ылайыктуу компания болгон.
Анын үстүнө Кытай тарап ЖЭБди оңдоого дал ушул ишкананы сунуш кылган позициясын расмий түрдө жети жолу билдирген.
Калиев бул долбоор ЕРС келишими же башкача айтканда ишти баштан- аяк ТВЕА өзү аткарып, ага кыргыз тарап кийлигише албагандай түзүлгөнүн, бирок ушундай эле ЕРС келишими менен Кыргызстанда бир катар ишке ашырылган жана учурда курулушу жүрүп жаткан ири долбоорлорду санап берди. Алар: «Датка-Кемин» линиясы, Түндүк-түштүк альтернативалуу жолу сыяктуу долбоорлор.
Ал тергөөнүн жана прокурорлордун ага койгон бардык айыптарын четке кагып, тагылган кинени жана учурдагы соттук ишти «кылмыш» деп айтты.
- Бизди кылмышкер кылып көрсөтүп, элдин башын айлантышты. Башыбыздан ылдый жугунду куюп, эмне гана кылышкан жок? Соттун өкүмү чыга электе эле мамлекеттик каналдар өкүм чыгарып, бизди кылмышкер кылып коюшту. Мага 17 жыл, аягына 11 жыл берди. Кылмыш 40 жылда билинет. Бүгүн болуп жаткан нерсенин баары тең - кылмыш, - деди Калиев.
Ал «ЖЭБди модернизациялоодо мамлекетке 111 млн. доллар зыян келтирилген» деген экспертизанын тыянагына да кошулбай турганын билдирди.
Сот аяктап баратса да мына ушул 111 млн. доллар боюнча сотто кылдат териштирүү болбогонун айыпталуучулар менен алардын адвокаттары айтып келет.
Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов быйыл февраль айында экспертизанын жыйынтыктарына таянып, жабдуунун жана курулуштун чыгымдарын эң жогорку баалар менен эсептеп чыкканда ЖЭБди модернизациялоо 275 млн. долларды гана түзгөнүн айткан. Жамшитов бул долбоор 2010-жылдын башында Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча 150 млн. долларга бааланганын эске салган.
Башкы прокуратура жыйынтыгында Кытай насыясынан мамлекет 111 млн. доллар же кыргыз акчасы менен санаганда 5 млрд. 439 млн. сом зыян тартканын белгилеп келет.
Бирок чыгымды эсептеген эксперттер сотко бир да жолу келип көрсөтмө беришкен жок. ЖЭБ иши боюнча айыпталуучулардын бири, мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Замир Жоошев алардын көрсөтмөсү бул иште өтө маанилүү болчу деп эсептейт. Ал сөз болуп жаткан эксперттердин бирине соттун чакыруу кагазын өзү жеткирип бергенин, кийин ал чет өлкөгө чыгып кеткенин билдирди:
- Айыптоо корутундусуна негиз болуп берген башкы документтерди жазган «Энергопроект» деген компаниянын башчысы Евгений Хафизовдун сотко келбегени көп суроону жаратат. Ал Бишкекте Жал районунда жашаса да сот аны жараянга алып келе албаганы - бул соттун бир тараптуулугу. Ал сотко келгенде көп жагдайлар ачыкка чыкмак жана ал айыпталып жаткандардын пайдасына иштемек.
Жактоочулар бул иште дагы бир айыпталуучу ТВЕА компаниясынын өкүлү Мусажан Макелек сотто суралбаганына нааразы. Маалыматка караганда, ЖЭБ иши боюнча ага да «Коррупция» беренеси менен айып тагылып, кийин анын иши өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн. Айбек Калиевдин жактоочусу Майрамбек Жумабеков Макелек боюнча мындай деди.
- Мусажан Макелектин сотко келбей жатканы - бул мыйзам бузуу. Анткени ага да «Коррупция» деген оор берене менен айып коюлган. Башында азыр камакта отургандар менен чогуу эле камалган. «Ооруп жатат» деп бир жылдан бери сотко алып келбей жатат. Бул мыйзам бузуу. Бул ишти чын эле коррупция болсо, анда Кытай тарап «биз Сатыбалдиевге мынча сом, Сапар Исаковго ушунча сом, Калиевге да акча бергенбиз» деп айтып бериш керек да. Тергөөдө көрсөтмө берген адам, анын ичинде Евгений Хафизов да сотко келип көрсөтмө бериш керек. Алардын көрсөтмөсү жок сот кантип өкүм чыгарат билбейм.
Анткен менен прокуратура айыпталуучулардын күнөөсү толук далилденди деп эсептейт. Ошондой эле соттук иштин алкагында мамлекеттик айыптоонун жана жактоочулардын 90дон ашык күбөсү көрсөтмө бергенин, ишти кароодо шектүүлөрдүн адвокаттары келтирген өтүнүчтөр боюнча сот тарабынан убагында мыйзамдуу чечимдер кабыл алынып турганын жарыялады.
Буга чейинки соттук отурумда мамлекеттик айыптоочу тарап соттон шектүүлөрдү 17 жылдан 11-жылга чейин түрмөгө кесүүнү сураган. Прокурор Үмүт Конкубаева жаза мөөнөттөрү тууралуу төмөндөгүлөрдү билдирген.
- Мамлекеттик айыптоо соттук териштирүүнүн жүрүшүн жыйынтыктап келип, биз соттон мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду 15 жылга, «Улуттук энергохолдингдин» мурдагы жетекчиси Айбек Калиевди 17 жылга эркинен ажыратууну сурадык. Ал эми дагы бир мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге, Салайдин Авазовго, Жолдошбек Назаровго жана Темирлан Бримкуловго Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 49-беренесинин негизинде, аталган соттолуучулар 55 жаштан ашкан жаш курагын эске алып, алардын ара бирин 11 жыл үч ай мөөнөткө кесүүнү сурандык.
Мурдагы финансы министри Ольга Лаврованы жети жылга эркинен ажыратууну, ал эми мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин коррупцияга аралашканы далилденбей, анын айыбы башка беренеге которулгандыктан жана өз ыктыяры менен 100 млн. сом өлчөмүндө келтирилген зыяндын ордун төлөгөнүн эске алып, 5 млн. сом айып төлөөгө милдеттендирүүнү өтүнүшкөн.
Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу сотто Салайдин Авазов жана анын жактоочуларынын гана жарыш сөзү калды. Андан соң тараптар калган жүйөлөрүн келтиришет жана айыпталуучулар акыркы сөзүн айтат.
ЖЭБдеги коррупция боюнча иш Бишкектин Свердлов райондук сотунда быйыл 18-февралда карала баштаган. Мурдагы сегиз аткаминерге айып тагылып, 386 миллион доллар ири насыянын айланасында сөз болуп жаткан иште мурдагы төрага, экс-премьер-министр, бир катар мурдагы министрлер көрсөтмө беришти.
2018-жылы январь айында ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иши козголгон.