Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 7-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 21:17

Арышы жайлаган улуттук долбоорлор


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда буга чейин убада кылынган бир катар улуттук долбоорлордун башы азыркыга чейин ачылбай турат.

"Республика" фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев коңшу өлкөлөр энергетика, транспорт жана башка стратегиялык тармактарда ири долбоорлорду ишке ашырып жатканын эске салды.

Буга чейин кыргыз бийлиги ишке ашырууну убада кылган иштер кандай жүрүп жатканын сурады.

- Тажиктер Рогун ГЭСин куруп бүткөнү калды. Өзбекстан Атомдук электр станция (АЭС) курганы жатат. Биздеги улуттук долбоорлор эмне болду?

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин учурунда 77 долбоор тандалып алынган. Алар алгач өлкөнү 2018-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына, кийин 2040-жылга чейин деп кайра иштелип чыккан документке киргизилген.

Улуттук стратегияга баам таштасак, ушул убакытка чейин Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан жолун курууга байланышкан иштердин басымдуу бөлүгү бүтмөк. Аймактардагы учак каттамын уюштуруу боюнча борбор түзүлмөк.

Ички дүң продукциянын өсүү темпи жылына жети пайызды түзмөк жана 2017-жылга чейин 630 миллиард сомго жакындамак. Кыскасы, ички дүң продукция эки эсеге көбөймөк.

Ошондой эле Камбар-Ата 1 ГЭСи, Жогорку Нарын ГЭСтер каскады, Түндүк-түштүк альтернативдүү жолу, Кара-Кечеде Жылуулук электр борбору, Сары-Жаз дарыясына бир нече чакан ГЭСтерди куруу өңдүү дымактуу долбоорлор иштей башташы керек болчу.

Булардын ичинен учурда мурда башталган Түндүк-Түштүк жолунун курулушу жүрүп жатканы болбосо, энергетикалык жактан өлкө кубаттуулугу үчүн маанилүү башка долбоорлор токтоп турат.

Маселен, Камбар-Ата 1 ГЭСи менен Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууга 2012-жылы Орусия менен келишим түзүлгөн.

Ага ылайык, Камбар-Атаны «Интер РАО» ишканасы, Жогорку Нарын ГЭстер каскадын «Русгидро» курмай болгон.

Бирок иш создугуп, 2016-жылы Кыргызстан макулдашууну бир тараптуу денонсация кылган соң Орусия курулушка 37 миллион доллар сарптаганын билдирип, аны төлөп берүүнү талап кылып келет.

Ал эми кыргыз тарап чын эле ушунча суммадагы каражат сарпталганынан күмөн санап, эл аралык аудит өткөрүүнү талап кылууда.

Мындан соң Жогорку Нарын каскадын куруу боюнча чехиялык "Лигласс" компаниясы менен да макулдашуу болгону менен долбоор ишке ашпай калган.

Учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков Атамбаевдин бийлиги учурунда даярдалган бул максаттарды улантарын билдирген.

Бир убакта эң жакын өнөктөш болгон эки саясатчы учурда элдешкис атаандаштарга айланганына карабастан, президент бул долбоорлорду ишке ашырууга убада берип келет.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстанда ири долбоорлорду ишке ашыруу боюнча аракеттер жүрүп жатканын айтууда:

Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

- Жогорку Нарын ГЭСтер каскадына» кетти деген 37 млн. долларды сот менен эмес, адистер менен бирге чыны менен ошончо каражат сарпталганбы же жокпу тактайлы деп жатабыз. Азыр бул боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат. ЖЭБ салуу боюнча да инвесторлор келип жатат. Эки инвестор келген, бирок экология маселелери бар. Андан чыккан ысык сууну, күлдү кайда жиберебиз деген суроолор болууда... "Камбар-Ата 1" боюнча да инвесторлор келип жатат, ал эми Кытайга өтүүчү газ кууру боюнча келишимдин өзүн кайра карап чыгалы деп жатабыз. Кытайга өз оюбузду айттык. Ал жерден куур гана өтүп, биз салыгын гана ала тургандай болуп калган. Башка мамлекеттерде курулушуна катышуу, чогуу ишке киргизүү маселелери бар экен.

Бирок премьер-министр буга чейин ар кыл себептерден улам токтоп калган долбоорлорду ишке ашыруунун так мөөнөтүн атай алган жок.

Мындай кырдаалдын жаралышына ар кандай себептер айтылып келет. Муну өкмөт казынада каражаттын жоктугу менен түшүндүрсө, айрымдар бийликтеги башаламандык менен жоопкерсиздикти күнөөлөшөт.

Бирок бийлик да, оппозиция да бул жаатта аткарыла турган далай иштер кечигип жатканын танбайт.

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаровдун айтымында, стратегиялык тармактарда Кыргызстан коңшулардан артта калып, убакыттан уттуруп жатат:

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

- Убакыттан абдан уттуруп жатабыз. Бери дегенде 30 жыл артта калдык. Жалаң гана саясат, анан күнүмдүк иштер менен алектенип келе жатабыз. Ушул жылдары Камбар-Ата 2 ГЭСинин 120 МВТ кубаттуулуктагы бир агрегатын ишке киргизип, Бишкек ЖЭБин жарым-жартылай оңдогонубуз болбосо эч бир ири долбоор жок. Ошондуктан, мен күнүмдүк иштерди дефициттик бюджет кылып жаап, калган күч-аракетти дал ушундай долбоорлорду ишке ашырууга аракет кылышыбыз керек деп айтып келе жатам.

Улуттук долбоорлор өз убагында ишке ашпай калса, Кыргызстанды эл аралык милдеттенмелерди аткара албай калуу коркунучу күтүп турат.

Маселен, мурдагы вице-премьер, учурдагы депутат Аалы Карашевдин айтымында, стратегиялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча азыртадан аракет көрбөсө, кийин кесепеттери чоң болорун эскертти:

Аалы Карашев.
Аалы Карашев.

- Биз азыр тез аранын ичинде электр кубатын өндүргөн ишкана, ГЭСтерди курушубуз керек. Биз CASA-1000 деген долбоорго кошулуп, жогорку чыңалуудагы линияга кошулган жатабыз. Анын алкагында биз Тажикстан менен катар Ооганстан, Пакистанга электр энергиясын сатууга милдеттенме алдык. Бул долбоордун бизге тиешелүү бөлүгүн 2021-жылга бүтүшүбүз керек. Азыркы абалыбызда өндүрүлгөн электр энергиясы өзүбүздүн пайдалануудан ашпай, экспортко сата албай калабыз.

Ошол эле кезде долбоорлорду ишке ашыруу үчүн алгач ачык-айкын, коррупциясыз бийлик системасын түзүү маанилүү экенин белгилешет. Анткени буга чейин ири долбоорлорду ишке ашыруу үчүн алынган насыялар сарамжалы жок пайдаланылып, аягы жаңжал менен бүткөн учурлар бар.

Маселен, Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылаш үчүн Кытайдан алынган эң ири насыялардын бири 386 миллион доллардын коротулушу боюнча бир нече кылмыш иши козголуп,
мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон жоон топ саясатчыларга айып тагылган.

Ошол эле кезде бул долбоорлорду ишке ашыруу үчүн алынган карызды кайра кайрып берүү маселеси да курчуп,талкуу жаратып келет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (18)

XS
SM
MD
LG