Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:54

«Русгидронун» арызы, Кыргызстандын карызы...


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтү менен орусиялык «Русгидро» ишканасы «Жогорку Нарын каскадына жумшалды» деген 37 миллион доллар боюнча мунасага келүүнүн жолдорун издешти.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Нарын каскадын иштетүү милдетин аткара албай калган орусиялык «Русгидро» компаниясынын жетекчиси Николай Шульгиновду кабыл алып, өз ара мунасага келүүнүн шарттарын талкуулады. Компаниянын жетекчиси «Русгидро» бул долбоорду өзү кайра аткарууга кызыкчылыгы жок экенин, бирок инвестор тартууга көмөктөшө турганын билдирген.

Жогорку Нарын каскадын куруу долбооруна кеткен 37 миллион доллардын жарымынан көбү жок болуп кеткенин иликтеп чыккан убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов карызды төлөө кыргыз тарапка жүктөлөп калып жатканын белгиледи.

«Русгидронун» карызды өндүрүү боюнча сунушу

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жакында орусиялык «Русгидро» компаниясынын жетекчиси Николай Шульгинов менен жолугуп, аталган мекеменин өкмөткө коюп жаткан дооматынын алкагында пикир алмашты. Буга чейин «Русгидро» Жогорку Нарын каскадын курууга кеткен 37 миллион доллар чыгымын өндүрүү боюнча эл аралык сотко кайрыла турганын билдирген эле. Буга «Русгидро» курулушту кечеңдеткенине байланыштуу кыргыз өкмөтү келишимди бир тараптуу жокко чыгарып, долбоор токтоп калганы негиз болгон. Бирок кыргыз тарап маселени сотко жеткирбей чечүү тууралуу демилге көтөргөн болчу. Ошондуктан «Русгидро» Жогорку Нарын каскадындагы 50 пайыз акциясын сатып, өз чыгымын инвестордон өндүрүп алууну сунуш кылган.

Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгулов сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу кыскача маалымат берди:

Чыңгыз Эсенгулов.
Чыңгыз Эсенгулов.

- Жолугушуунун жүрүшүндө кошуналардын кызыкчылыгын эске алуу менен Кыргызстандын суу-энергетикалык дараметин пайдалануунун шарттары боюнча маселе талкууга алынды. Ошондой эле гидроэнергетикалык тармактагы кызматташуунун натыйжалуу жолдорун табуу, тыштан инвестиция тартуу жана Жогорку Нарын каскадына байланыштуу абалды өз ара пайдалуу шартта жөнгө салуу боюнча пикир алмашуу болду.

«Русгидро» компаниясынын жетекчиси Николай Шульгинов интернет-басылмаларга «Жогорку Нарын каскадынын азыркы бекитилген техникалык-экономикалык негиздемесинин алкагында бул долбоор өзүн өзү актабагандыктан ага катыша албайбыз» деп комментарий берген. Ошондуктан ал азыркы финансалык моделдин пайдасыздыгы кандай гана шарт болбосун аталган долбоорду андан ары улантууга мүмкүнчүлүк бербей турганын белгилеген. Антсе да Николай Шульгинов компания дараметтүү инвесторлорду табууда жана аларга буга чейин алдын-ала чыгарылган эсептер менен тааныштырууда жардам көрсөтөрүн айткан. Бирок Жогорку Нарын каскадына кеткен чыгымды иликтеп чыккан парламенттин убактылуу депутаттык комиссиясы «Русгидро» 37 миллион доллар чыгым боюнча эл аралык аудит чакыруудан качып жатканын жарыялаган болчу.

«Жебеген самсанын» өлчөөсү

Сөз болуп жаткан убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы, «Ата Мекен» фракциясынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов кыргыз өкмөтү менен «Русгидронун» ортосундагы соңку макулдашуу тууралуу түшүндүрмө берди:

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

- Орусия тарап эгерде башка инвестор таап келсе, анда ал ошол инвестордон 37 миллион долларды алып алат. Баягы эле инвесторго 37 миллион доллар карыз болуп калабыз. Анткени орун алмаштыруудан сумма өзгөрбөйт. Ошондуктан жөн эле жерден моюнга коюлуп жаткан 37 миллион долларды «Русгидрого» же келе турган инвестордун өзүнө төлөп берүүгө мажбурбуз. Бизге таңууланган бул жолдон башка сунушту мен көргөн жокмун.

Кыргызстандын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев менен «Русгидро» компаниясынын жетекчиси Николай Шульгинов өткөн дүйшөмбү күнү болгон жолугушууда Жогорку Нарын каскадынын мындан аркы тагдырын талкуулап, курулушка чыгымдалганы кеп болуп аткан 37 миллион доллар карызды сырткы инвестордун эсебинен жабууга макулдашкан. Бирок убактылуу депутаттык комиссия каскаддын курулушуна чыгымдалганы кабарланган 37 миллион доллар акчага болгону курулушчулар үчүн темир контейнерден жатакана гана курулганын аныктап чыккан. Мындан сырткары курулушту изилдөөгө кеткен чыгымдар ашыкча көрсөтүлгөнү корутундуда белгиленген болчу. Ошондуктан депутаттык комиссия эл аралык аудиттин негизинде акчанын мыйзамсыз чыгымдалганын иликтеп, кылмыш ишин козгоону талап кылган.

Депутат Алмамбет Шыкмаматов чыгымдалган каражат изи менен жок болуп кеткени үчүн «Русгидро» жана анын Кыргызстандагы өнөктөштөрү жооп бериши керек болчу деп эсептейт.

- Бул маселе боюнча калыс иликтөө жүрүп, анан аталган каражат кечирилет деген үмүт жок, - деди ал. - Бизди ал келишим боюнча алынган акчаны төлөөгө мажбур кылышат. Бирок чыгымдын чынында эле ошончо кеткенин текшерели десек, болушпайт. Биз иликтеген учурда мына ошол 37 миллион доллардын үчтөн экиси уурдалып кеткени аныкталган.

Дегинкисин бир катар эл аралык эксперттер Кыргызстандын аймагында чоң ГЭСтерди куруу өлкөнү башка мамлекеттерге же күчтөргө көз каранды кылуу коркунучу бар экенин эскерткен жайы бар. Атап айтканда, германиялык иликтөөчү Жан Фео де ла Кроа 2017-жылы «Азаттык» менен болгон маегинде бул маселеге кеңири токтолгон:

Жан Фео де ла Кроа.
Жан Фео де ла Кроа.

- ГЭСтерди курган компаниялар болгону курулушту гана бүткөрөт. Дамба ишке кирбесе дагы куруучулар өз акчасын алат. Андыктан мындай долбоорду баштардан мурда кеткен чыгымдар үчүн ким жооп бериши керектигин аныктоо өтө маанилүү. ГЭСке салынган инвестицияны кыргызстандыктарбы же аны курган компаниялар төлөйбү? Же Кыргызстанга ГЭСти «белек» кылабыз деген чет элдик компаниялар төлөйбү?

ГЭСти өз күчүңөр менен кура албасаңар, өлкө кимдир бирөөгө көз каранды болуп калбайбы. Бул Дүйнөлүк банктынбы же Евразия өнүктүрүү банкынын каржысыбы, Орусиянын, Кытайдын же чехтердин акчасыбы - башка бирөөлөрдүн алдында милдеттүү болуп калуу тобокелдиги бар.

2012-жылы өкмөт аралык макулдашууга ылайык, Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Жогорку Нарын каскадын куруу боюнча макулдашууларга кол коюлган. Ага ылайык, Камбар-Ата-1 ГЭСин Орусиянын «Интер РАО» ишканасы, Жогорку Нарын каскадын «Русгидро» курмай болгон. Бирок бул эки долбоордун биринчиси такыр эле башталбай, ал эми Жогорку Нарын каскадынын курулушу башталып келип токтоп калган. Кыргыз өкмөтү 2015-жылы курулуш иши кечеңдеп кеткендиктен келишимден бир тараптуу чыгып, башка инвестор издөө боюнча демилге көтөргөн болчу.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG