Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:25

Минтранс: түндүк-түштүк жолу 2023-жылы бүтөрү пландалды


Өлкөнүн түндүк-түштүгүн бириктирген альтернативалуу жолдун курулушу белгиленген график менен баратат. Бул тууралуу Транспорт жана жол министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, жолдун курулушунда 2015-жылы тоннел жасоо иштеринде кыйынчылыктар пайда болуп, график кечеңдеген. Эми курулуш иштери ушул нукта жүргүзүлсө бул жолду 2023-жылы пайдаланууга берүү пландалып жатат.

Буга чейин баасы дээрлик 500 млн. долларды чапчыган Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолунун курулушу өз мөөнөтүнөн кечигип жатканы кабарланган. Жолдун жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт. Анын 1-2-фазасын куруш үчүн Кытайдан 400 млн. доллар алуу боюнча 2014-жылы келишим түзүлгөн. 3-фазасын куруш үчүн Азия өнүктүрүү банкынан жана Сауд Арабиясынын Өнүктүрүү фондунан 32 млн. доллар алуу боюнча келишим түзүлгөн.

Кыргызстан эгемендик алгандан бери өлкөдө жол куруу жана реконструкциялоо иштерине жалпысынан 2,5 млрд. доллар сарпталган. (TSh)

XS
SM
MD
LG