Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:43

Бишкек менен Ташкент Камбар-Атаны кантип курат?


Кыргызстан Камбар-Ата - 1 ГЭСин курууда Өзбекстан менен кандай мунасага барышы мүмкүн?

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Камбар-Ата ГЭСин чогуу куруу боюнча кыргыз тараптын сунушун колдоого алаарын 5-сентябрда Бишкекте мамлекеттик сапары учурунда жарыялады. Ал кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин "өлкөдө ГЭСтер Өзбекстандын катышуусуз курулбайт" деген сөзүн кубаттай турганын билдирди.

- Атамбаев бир дагы ГЭС Өзбекстандын катышуусуз курулбай турганын айтты. Мен ага толук кошулам. Биз ар тараптан - каржы, ресурс жана башка жагынан толук көмөктөшүп, Камбар-Ата ГЭСин чогуу курабыз. Анткени ал бизге керек. Эгер биз чындап эле мамилени жандантпасак тарых кечирбейт. Биз муну акыл калчап, ойлонуп жасашыбыз керек. Эгер биз муну керек болгондой жасасак, бул эки өлкөгө тең пайдалуу болот.

Кыргыз-өзбек алакасынын жаңы тарыхы
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:07 0:00

Буга чейин расмий Ташкент Камбар-Ата-1дин курулушуна ачык эле каршы болуп келген. ГЭСтердин курулушу суу тартыштыгын күчөтүп, аймакта туруксуздук жаратат деген өзбек бийлигинин позициясы эл аралык уюмдардын трибуналарында да айтылган. Маркум Ислам Каримов бийликте турган учурда расмий Ташкент Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүн аралап аккан сууга өзү жалгыз ээлик кылбашы керек жана коңшулары менен эсептешүүсү зарыл деген пикирде болчу.

Адистер эки өлкөнүн жетекчилеринин суу-энергетикалык курулуштарга байланыштуу көз караштарынын жакындашын ар кыл өңүттөн чечмелеп жатышат. Оболу саясий чечим кабыл алынып, алдыга кадам ташталганы белгиленүүдө.

Кадам ташталды, бирок иш көп

Мурдагы энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев ГЭС куруу сөз менен чечилбей турганын, артында жасала турган көп иш бар экенин айтты.

- Өзбекстан, Кыргызстан чогуу курабыз дегени - курулушу боюнча чыгымдарды бирдей тартат деген сөз. Бирок эң принципиалдуу, көйгөйлүү маселе чечилди десе болот. Ошондой эле гидроэлектрстанциясынын курулушуна жол ачылды дегенди билдирет. Азыр ушуга тиешеси бар бардык тармактар менен ишти кыйла өзгөртүп, ишти жүргүзсө болот. Бирок анын артында чоң иш бар, Кыргызстан менен Өзбекстан макулдашууну кантип түзөт? Көп иш турат.

Кыргызстан Камбар-Ата-1 ГЭСин курууда Өзбекстан менен кандай мунасага барышы ыктымал?

ГЭС курулушу: көмүскөдөгү сүрөөнчүлөр

ГЭС курулушу: көмүскөдөгү сүрөөнчүлөр

Кыргызстанда ГЭС курганы жаткан чехиялык компания тууралуу маалыматтарда экс-депутат Кубанычбек Туманов жана ал жетектеген "ГЕЕН КГ" компаниясынын аты аталып жатат.

Энергетика боюнча эксперт Расул Умбеталиев суу-энергетикалык балансты өзүнө кармап туруш үчүн ГЭСтин 51% акциясын Кыргызстан алышы керек деп эсептейт.

- Өзбекстанга эң маанилүүсү - суу, сугат маселеси. Ушул эле Камбар-Ата-1 ГЭСи курулуп калса, жай мезгилинде бизге ушунчалык көлөмдө суу керек деп өзүнүн таасирин көрсөтүп, чечимин кабыл алышы мүмкүн. Электр энергия жылуулук станцияда иштелип чыгылат. Ошону караганда 3-4 эсе өндүрүш өздүк баасынан кымбат түшөт. Биринчиден, жайында суу менен камсыз болот, экинчиден, эки-үч эсе арзан электр энергиясы менен камсыз болот. Ошондуктан буга Шавкат Мирзиёев кызыкдар.

Адистер Камбар-Ата-1 кошуна өлкөлөр үчүн да пайдалуу экенин белгилеп келишет. Ошондой эле ага инвестор кызыкчу шарттар көп экени айтылган. Энергетика багытындагы адис Батыркул Баетов буларга токтолду:

- Бир эле Камбар-Ата-1 эмес, Көкөмеренге да Кытайдан келип курабыз деп аракет кылышкан болчу. Бирок ошонун бардыгы эки мамлекеттин бир пикирге келе келе албаганынан улам токтоп калган болчу. Коопсуздугун такташ үчүн эл аралык экологиялык-техникалык экспертиза жүргүзүү боюнча да айтылып, ал маселелер да кечеңдеген. Кумтөр жана башкалардай кылбай, жакшылап сүйлөшүү керек.

2012-жылы түзүлгөн өкмөт аралык келишим боюнча Камбар-Ата-1ди үлүшү теңме-тең бөлүнгөн шартта Орусия куруп бермек. Бирок
кыргыз бийлиги ГЭСтин курулушу саясий себептерге байланыштуу кечеңдеп жатканын айткан.

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Орусия келишимди ишке ашыра албасын, ал узак мөөнөткө созулган курулушка айланып кетүү коркунучу бар экенин айтып, 2016-жылы Жогорку Кеңеш Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Жогорку Нарында төрт орто жана чакан ГЭСтерди куруу жөнүндөгү Орусия менен түзүлгөн келишимди денонсациялаган.

Буга чейин Камбар-Ата-1дин баасы болжол менен үч миллиард доллар деп бычылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG