Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:32

Орусия Швеция, Польша жана Германиянын дипломаттарын өлкөдөн чыгарат


Орусия Швеция, Польша жана Германиянын үч дипломатын персона нон-грата деп жарыялап, өлкөдөн чыгарат.

Орус бийлиги аталган дипломаттар 2021-жылдын 23-январдагы мыйзамсыз акцияларга катышканы үчүн ушундай чечим кабыл алган.

5-февралда Тышкы иштер министрлигине Швециянын элчиси, Польшанын убактылуу өкүлү, Германиянын дипломаты чакырылып, аларга дипломаттар тууралуу чечим тапшырылды.

Анда “Дипломатиялык алакалар жөнүндө Вена конвенциясына ылайык, мыйзамсыз иш-аракеттерге катышкан дипломаттар персона нон-грата деп жарыяланат. Аларга жакын арада Орусиянын аймагынан чыгып кетүү эскертилди", - деп айтылган.

Орусиядан чыгарыла турган дипломаттар Швеция жана Польшанын Санкт-Петербургдагы башкы консулдуктарынын, Германиянын Москвадагы элчилигинин кызматкерлери экени белгилүү болду.

23-январда Орусиянын ондогон шаарларында камактагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын боштондугун талап кылган акциялар өткөн. Анын жүрүшүндө миңдеген адамдар камакка алынган.

Батыш өлкөлөрү акыркы демонстрация учурундагы полициянын зомбулугун айыптап, Навальныйды абактан бошотууну талап кылып келет.

XS
SM
MD
LG