Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:33

Египетте камактагы журналист Махмуд Хусейн бошотулду


Египетте абакта отурган “Аль-Жазира” каналынын журналисти Махмуд Хусейн бошотулду. Ал акыркы беш жылдан бери камакта жаткан. Египеттеги журналисттер обсерваториясы Каирдин соту ушул апта башында Хусейнди абактан бошотуу боюнча чечим чыгарганын билдирген.

2016-жылдын 23-декабрынан бери абакта отурган журналист 4-февралда кечке маал эркиндикке чыкканы кабарланды. Бирок Адам укугу боюнча араб түйүнүнүн башчысы Гамаль Эйд журналистти бошотуу боюнча чечим кабыл алынса да, ал азырынча үйүнө келе электигин билдирди.

Теги египеттик Катарга таандык “Аль-Жазира” телеканалында иштеген Хусейн беш жыл мурда Каирдеги туугандарына келген учурда кармалган.

Ага карата "Египет тууралуу жалган маалыматтарды атайлап тараткан" деген айып тагылган. “Аль-Жазира” телеканалы 54 жаштагы журналист абакта бейкүнөө отурганын бир нече жолу билдирген.

Махмуд Хусейнди бошотуу боюнча чечим Египет менен Катардын мамилеси жакшырган учурга туш келди.

2017-жылдан бери Катардын Египет, Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмирлиги, Бахрейн менен мамилеси начарлап кеткен. Ал учурда бул мамлекеттер Катарды Иран менен алакасын жакшыртып, радикалдуу исламчыл топторду колдойт деп күнөөлөп чыккан.

XS
SM
MD
LG