Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

ТИМ: Кыргыз-кытай кызматташтыгы, ишканалардын коопсуздугу талкууланды


ТИМ башчысы Руслан Казакбаев жана Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэн.
ТИМ башчысы Руслан Казакбаев жана Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэн.

Кыргыз өкмөтү өлкө аймагында иштеген кытай жарандарынын жана ишканаларынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тийиштүү чараларды көрөт. Бул тууралуу тышкы иштер министри (ТИМ) Руслан Казакбаев 5-февралда кытай элчиси Ду Дэвен менен жолугушууда айтканын мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

ТИМ башчысы жаңы президент Садыр Жапаровдун алгачкы жарлыктары менчик укуктарын коргоого, ишканаларды негизсиз текшерүүнү токтотууга, инвесторлордун ишенимин арттырууга жана алар үчүн ыңгайлуу шарт түзүп берүүгө багытталганын билдирди.

Элчи Ду Дэвэн Кытай өкмөтү COVID-19га каршы бул өлкөдө жасалган вакцинаны биринчилерден болуп Кыргызстанга бекер берүүгө ниеттенип жатканын, кыргыз-кытай чек арасындагы “Эркеч-Там” жана “Торугарт” көзөмөл-өткөрмө бекеттеринин ишин жакшыртуу иштери жасалганын, Кыргызстанда Кытайдын жогорку окуу жайларынын өкүлчүлүктөрүн ачуу пландалып жатканын айтты.

2020-жылы 4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоодон кийинки нааразылык Кыргызстанда саясий кризисти пайда кылган. Анын айынан борбор шаар Бишкекте башаламандык чыгып, мындай көрүнүш жер-жерлерде да байкалган. Чет элдик, айрыкча кытайлык инвесторлор иштеткен айрым компанияларга кол салуу болгон. Кытай Кыргызстандагы жумушчуларынын коопсуздугун камсыз кылып берүүнү өтүнгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG