Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:48

Жогорку сот: Райкүл Жапарованын иши Башкы прокуратурага жиберилген


Кыргызстандын Жогорку сотунун имараты.
Кыргызстандын Жогорку сотунун имараты.

Жогорку сот президенттин бир тууган эжеси Райкүл Жапаровага карата буга чейин чыккан чечимдердин жокко чыгарылышы тууралуу маалымат берди.

Мекеменин басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдиргендей, Жапарованын адвокаттарынын ишти жаңы жагдайлардан улам кайра кароо тууралуу өтүнүчү ушул жылдын 25-январында канааттандырылды.

Буга чейинки үч инстанциянын чечимдери жокко чыгарылып, кылмыш иши тергөө үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн.

Райкүл Жапарованы күнөөлүү деп тапкан сот чечимдери жокко чыгарылганын башкы прокурор Курманкул Зулушев буга чейин басма сөз жыйында билдирген.

Башкы прокуратуранын өкүлдөрү иш кайра Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына (Финпол) тергөөгө жиберилгенин, ал жактан кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылганын айтышкан.

Журналисттер кайра тактап сураганда Зулушев иш азыр Финполдун иликтөөсүндө экенин, такталган маалымат кийинчерээк берилерин билдирген.

Райкүл Жапарова 2007-жылы мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин көмөгү менен «Ысык-Көл инвест банкты» тартып алган деп айыпталып, сыртынан 10 жылга соттолгон.

Былтыр февралда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы Райкүл Жапаровага эл аралык издөө жарыяланганын билдирген.

Кийинчерээк Ички иштер министрлиги Интерпол Польшадан кармалган Жапарованы Кыргызстанга экстрадициялоо маселесин карап жатканын кабарлаган.
Анын кайра бошотулганы тууралуу маалыматтар айтылган.

Президент Садыр Жапаров былтыр ноябрда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып эжесине кылмыш ишинин козголушун "саясий буюртма" деп сыпаттаган. (NT)

XS
SM
MD
LG