Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:11

Зулушев: Былтыр оор кылмыштардын саны көбөйдү


Курманкул Зулушев.
Курманкул Зулушев.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев 5-февралда 2020-жылы аткарылган иштер тууралуу журналисттерге маалымат берди.

Маалымат жыйында башкы прокурордун билдиргенине караганда, былтыр Кыргызстанда жалпы 31 211 кылмыш катталды. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 25 пайызга аз. Ошол эле кезде өзгөчө оор кылмыштардын саны көбөйгөн.

"Оор кылмыштар 3031ге өскөн. 2019-жылы 2055 кылмыш катталган. 116 миң 166 кылмыш иши тергөөдөн өткөн. Анын 8569у сотко жетип, 60 847си өндүрүштөн кыскартылган. 29355и тергөөдө калган. Аскер прокуратурасы тарабынан мамлекетке келтирилген 10 миллион 162 миң сом, ИИМ 6 миллион 113 миң, УКМК тарабынан 353 миллион 590 миң сом өндүрүлгөн", - деди Зулушев.

Маалымат жыйындын алдында Башкы прокуратуранын коллегиясы өтүп, анда 2020-жылда аткарылган иштердин жыйынтыгы талкууланды.

Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев былтыр октябрда бийлик алмашкандан кийин башкы прокурор болуп дайындалган. Ал кызматка келгенден кийин аталган органдын жетекчилик курамы да алмашкан. (NT)

XS
SM
MD
LG