Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:36

Кыргызстанда мурдагы аскер кызматкерлери НАТО уюштурган кесиптик окуудан өтүштү


НАТО уюмунун туусу.
НАТО уюмунун туусу.

Кыргызстанда НАТО уюмунун колдоосу менен мурдагы аскер кызматкерлери үчүн уюштурулган кезектеги кесиптик окуу жыйынтыкталды. Курстарга Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин пенсияга чыккан 42 кызматкери катышты.

НАТОнун бул долбоорун Кыргызстанда “Тилмеч” аттуу окутуу борбору ишке ашырууда.

Төрт айлык окутуу учурунда алар англис тили жана компьютердик сабаттуулук, компьютердик технологиялар менен бизнести өнүктүрүү багытында сабак алышты.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу 2020-окуу жылындагы курстар аралыктан өттү. Максаты, уюштуруучулардын айтымында, пенсияга чыккан аскер кызматкерлеринин кесиптик билимин өркүндөтүп, аларга кошумча кесип ээси болуу мүмкүнчүлүгүн түзүү.

НАТОнун бул курстары жыл сайын уюштурулуп келет. (BCh)

XS
SM
MD
LG