Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:04

Баткен: Өкмөт башчынын Төрткүл боюнча билдирүүсүнө нааразылар митингге чыгышты


Баткен. 2021-жылдын 5-февралы.
Баткен. 2021-жылдын 5-февралы.

Баткенде облустук администрация имаратынын алдында ушу тапта нааразылык акциясы өтүп жатат. “Азаттыктын” кабарчысы жеринен маалымдагандай, 250дөй жергиликтүү тургун топтолуп, өкмөт башчы Улукбек Мариповдун Төрткүл суу сактагычы боюнча билдирүүсүнө байланыштуу нааразылыгын айтып жатышат.

Баткен. 2021-жылдын 5-февралы.
Баткен. 2021-жылдын 5-февралы.

Митингчилер чек ара боюнча так маалымат берүүнү, маселени Жогорку Кеңештин депутаттары да көзөмөлгө алышын, Марипов сөзүн кайра артка алып, жаңылыш айтып алганын моюнуна алуусун, расмий билдирүү таратышын талап кылып жатышат.

Чогулгандар алдына өкмөттүн облустагы өкүлү Жаныбек Жалалов чыгып, ал жер кошуна өлкөгө өтпөгөнүн, 1958-1989-жылдардагы картада Кыргызстандын аймагында турарын билдирди.

3-февралда парламентте өкмөт башчылыкка талапкерлиги каралып жатканда Улукбек Марипов аталган суу сактагычына кирген каналдын башы коңшу өлкөгө өтүп кеткенин айткан.

Депутат Тазабек Икрамов суу сактагычка байланыштуу тез арада депутаттык комиссия түзүүнү сунуш кылган.

Кыргыз өкмөтү түшүндүрмө берип, суу сактагыч жана ага кошулган каналдар Кыргызстанга тийиштүү экенин билдирген.

Төрткүл суу сактагычы Кыргызстандын Тажикстан менен чектешкен тилкесинде жайгашкан. Ал 11 миң гектар жерди суу менен камсыз кылат. (RK/JsA)

Төрткүл: премьердин табышмактуу сөзү элди ойлонтту
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:59 0:00

XS
SM
MD
LG